Үч-Коргон ГЭСинин ГА-4 гидроагрегатына капкагы бар турбиналык бара орнотулду
Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты реконструкциялоо анын иштөө мөөнөтүн 25-30 жылга узартат
26-октябрда Үч-Коргон ГЭСинде жалпы салмагы 120 тоннага жакын турбиналык капкагы бар бараны орнотуу иштери аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти
Белгиленгендей, бул окуя станция үчүн зор мааниге ээ жана жогорку квалификациялуу адистердин талыкпаган эмгеги менен өз убагында аткарылган реконструкциялоону аяктоодогу негизги этаптардын бири болуп саналат.
Эске сала кетсек, 5-мартта "Электр станциялары" ААКтын Үч-Коргон ГЭСинде ГА-4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери башталган.
Учурда Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоору активдүү баскычта турат. Анын максаты станциянын кубаттуулугун жогорулатуу жана анын иштөө мөөнөтүн узартуу болуп саналат.
Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо боюнча негизги иштер ийгиликтүү аяктап, “Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо” долбоорунун алкагында демонтаждоо иштери толугу менен аяктады. Учурда №4 гидроагрегатта жабдууларды орнотуу иштери уланууда.
Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо энергия менен камсыз кылуу,жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жана станциянын кубаттуулугун жогорулатуу жолунда маанилүү кадам болуп, анын иштөө мөөнөтүн 25-30 жылга узартат.
"Электр станциялары" ААКтын башкы директору С.Садыракунов Үч-Коргон ГЭСиндеги эскирген гидроагрегатты реконструкциялоодо сапаттуу аткарылган иштер үчүн станциянын жалпы жамаатына, өзгөчө аткаруучу топко ыраазычылык билдирди.