Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Келерки жылы жаңы сатып алынган 4 учак аймактарга каттай баштайт – Алагөзов

30 жылдан бери токтоп турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт

Аэропорт ички каттамдарды тейлөө үчүн сатып алган 4 самолёттун экинчиси бүгүн кечинде, үчүнчүсү январда, төртүнчүсү майда келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди

Анын айтымында, 2025-жылдын май айынан баштап 4 самолёт баардык аймактарга учуп, элге толук кызмат кыла башташат.

"30 жылдан бери токтоп турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт.

Азыр алардын баары самолетторду кабыл алууга даяр болду. И баса, келээрки жылдары Токтогул аэропорту да оңдоодон өтүп, келечекте самолётторду кабыл алат. Өлкө боюнча кичи авиация жанданып жатат.

Жакынкы аралыктарда кичи учактар үчүн илгерки "кукурузниктер" пайдаланган кичи аэродромдор иштей баштайт", - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх