Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Япониялык инвесторлор Ысык-Көлдө маданий борбор курууга кызыкдар

Облус башчы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев Япониялык инвесторлор менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуу Тоң районунда жайгашкан «Аалам Ордо» этно комплексинде өтүп, анда этно комплекстин аймагында маданий борбор куруу маселеси талкууланды.

Облус башчы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул аракеттер Ысык-Көлдүн маданий инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана туристтерди тартууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Япониялык инвесторлор долбоорго кызыгуусун билдирип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтышты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх