Ала-Букада куткаруучуларга жаңы шаймандар берилди
Алынган шаймандар өзгөчө кырдаал катталган учурда куткаруучуларга ыңгайлуу шарт түзүп, ыкчам аракеттерди көрүүгө шарт түзөт
Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө куткаруу жумуштарында пайдалануучу шаймандар берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен жалпы суммасы 681 миң 500 сомго алынган шаймандарды аким Руслан Айтбаев тапшырды.
Ала-Бука районундагы суу сактагыч, көлдөрдү эске алуу менен куткаруучу моторлуу кайык, альпинисттик шаймандар, сел сууларын сордуруучу мотопомпа, генератор жана башка ар кандай куткаруучу каражаттар тапшырылды.
Алынган шаймандар өзгөчө кырдаал катталган учурда куткаруучуларга ыңгайлуу шарт түзүп, ыкчам аракеттерди көрүүгө шарт түзөт.
Район акими өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык базасын көрүп, ишмердүүлүгү менен таанышты. Бөлүмдүн кызматкерлери менен пикир алмашып, алардын жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.