Кант шаарында жаңыланган "Нитро Арена" спорт комплекси ачылды
Комплекс алты талааны камтыйт: 4 табигый талаа, бир толук өлчөмдөгү жана бир машыгуу оюн талаасы
Кечээ Кант шаарында жаңыланган "Нитро арена" стадионунун ачылыш аземи орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен бидиришти.
Маалыматка ылайык, "Абдыш-Ата" клубунун үй аренасынын ачылышына КФБ президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Ачылыш аземинен кийин эле аренада 1XBET Премьер-Лигасы-2024 турниринин алкагында «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» беттеши старт алды.
Маалымат үчүн: Аренада жарык берүү системасы жаңыланып, отургучтардын саны 2000ге чейин көбөйтүлүп, трибуналардын астындагы жайларды оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, үч жаңы кийим алмаштыруучу жай курулуп, операторлордун платформасы модернизацияланды. Комплекс алты талааны камтыйт: 4 табигый талаа, бир толук өлчөмдөгү жана бир машыгуу оюн талаасы.
"Нитро-Арена" спорт комплекси эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген, машыгууга жана беттештерди өткөрүүгө ылайыкташтырылган, заманбап спорттук объект болуп саналат.
Кыргыз футбол биримдиги курулушун каржылаган жаңы жарыктандыруу системасынын жардамы эми «Абдыш-Ата» клубунун үй аренасы оюндарды кечки маалда кабыл ала алат.