Кыргызстанда жыл башынан бери 7 жаңы муниципалдык мал базар колдонууга берилди
Министрлик ветеринардык санитардык талаптарга жооп бербеген Ноокат жана Москва районундагы эки мал базар жабылганын кошумчалады
Кыргызстанда жыл башынан бери 7 жаңы муниципалдык мал базар курулуп, колдонууга берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, базарлар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда салынды. Мындан сырткары учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда. Алсак, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа райондорунда бирден, ал эми Кадамжай районунда 2 мал базар жакынкы күндө бүткөрүлүп, алар да ишке берилет.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча бүгүнкү күндө 45 мал базар иштейт. Анын ичинен 18 мал базар ветеринардык-санитардык талапка жооп берсе, ал эми калган 27 мал базарда райондук жана шаардык Ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талапга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген кѳрсѳтмѳлѳрдү аткаруу боюнча тиешелүү иштер убагында аткарылбай келүүдө.
Министрлик ветеринардык санитардык талаптарга жооп бербеген Ноокат жана Москва районундагы эки мал базар жабылганын кошумчалады.