Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕАЭБ: тамак-ашты маркалоо боюнча техрегламентке өзгөртүү 10-ноябрда күчүнө кирет

Азык-түлүк өндүргөн же импорттогон ишкананын реквизиттери өзгөрсө мурдагы маркалоо үч жылга чейин колдонулушу мүмкүн

10-ноябрдан тарта техникалык регламенттерге азык-түлүктүн коопсуздугу жана аны маркалоо боюнча өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк өндүргөн же импорттогон ишкананын реквизиттери өзгөрсө мурдагы маркалоо үч жылга чейин колдонулушу мүмкүн.

"Техникалык регламентке өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык, өндүрүүчүнүн же импорттоочунун дареги өзгөрсө, шаар, облус же көчө аталышы алмашса, бирок ишкананын географиялык орду өзгөрбөсө эски дареги менен маркалоо жүргүзүүгө үч жылдык мөөнөт берилет", — деп айтылат маалыматта.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкий бул өзгөртүүлөр маркалоону алмаштыруу менен байланышкан чыгымдарды азайтарын белгилеген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх