Ак-Талаа районунун Терек айылында 89 даана электр мамысы алмаштырылды
Масштабдуу иштердин натыйжасында Ак-Талаа районунун тургундарын жарык менен камсыздоо бир топ жакшырды
Ак-Талаа районунун Терек айылында 89 даана электр мамысы алмаштырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Мамыларды алмаштыруу иштери Нарын электр тармактар ишканасына тийиштүү Ак-Талаа РЭТи тарабынан аткарылды.
Ошондой эле Терек айылынын электр энергиясын берүү системасын жаңылоо, техникалык жоготууларды азайтуу жана жергиликтүү тургундарга сапаттуу энергияны жеткирүү максатында 9 даана калкты тейлөөчү 10/0,4 кВ трансформаторлор капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлүп, 3 чакырым СИП кабели тартылды.
Маалымат үчүн: Ак-Талаа РЭТи боюнча ремонттук кампаниянын алкагында пландалган 36 даана трансформатор капиталдык, 215 даана трансформатор утурумдук оңдоодон, 10-0,4 кВ 8,9 чакырым аба чубалгысы реконструкцияланып, 2,8 км аба чубалгы жаңы куруу, 367 даана жаңы темир-бетон мамыларына алмаштыруу иштерин толугу менен аткарды жана кыш мезгилине даяр.
Оңдоо, жаңы куруу жана реконструкция сыяктуу масштабдуу иштердин натыйжасында Ак-Талаа районунун тургундарын жарык менен камсыздоо бир топ жакшырды.