Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда үй-жай сатып алгандар көбөйдү

Эксперттер бул көрүнүштү саясий туруктуулука байланыштырышууда

 Кыргызстандыктардын үй-жай жана кыймылсыз мүлктөрдү көп сатып ала башташы өлкөдөгү саясий туруктуулука байланыштуу. Мындай пикири менен Vesti.kg порталына экономика маселелери боюнча эксперт Азамат Акенеев бөлүштү.

- Кыймылсыз мүлк сатып алуу көпчүлүк адамдар үчүн жашоосунда бир жолу жасала турган кадам. Былтыр өлкөдө шайлоо болду. Өткөөл мезгилден эмнени күтүштү билбей турушту. Айрымдар балким баалар төмөндөйт деп үмүт кылып жатышкан, - дейт Азамат Акенеев.

Азамат Жумакадыровичтин пикиринде кыймылсыз мүлк базарынын активдешүүсү, бул - жакшы белги.  

- Статистикага таянсак экономикалык өсүү анчалык деле байкалган жок. Үй-жай сатып алуу кардарлар үчүн шашылыш иш эмес. Бирок сатып алгандардын саны көбөйгөнү, саясий туруктуулктан кабар берет. Жарандар мамлекетке ишенбегенде, акчаларын накталай кармап тураары белгилүү иш да, - кошуп кетти Акенеев.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында батирлерди алып-сатуу 23 пайызга, үйлөрдү алып-сатуу 12,9 пайызга өскөн. Көпчүлүк Чүй облусунан үй-жай сатып алышууда.

Андан сырткары үйлөрүн күрөөгө койгондор да азайыптыр.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх