Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банк кардарлар тууралуу маалыматты АКШ бийлигине берет деген сөздү четке какты

Ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы америкалык бийлик салыктан бошотуу мыйзамын жокко чыгаруучу мыйзам чыгаргандыгын кошумчалады...

Улуттук банк америкалык бийликке Кыргызстандын аймагында жашаган америкалык кардарлар тууралуу маалыматты бербейт. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына улуттук банктын пресс-кызматы билдирди.

«Биринчиден Улуттук банк өзунүн иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
КР Улуттук банкы Кыргыз республикасынын атынан башка мамлекеттердин коммерциялык жана борбордук банктары менен сделкаларды, операцияларды жүргүзөт, ошондой эле эл аралык уюмдар менен да иш аракет алып барат»

Улуттук банк жеке юридикалык жактардын эсебин тейлебейт. Ошону менен бирге Улуттук банкта кардарлар тууралуу андай маалыматтар болбойт жана аны кимдир бирөөгө жөнөтүү мүмкүнчүлүгү жок.

Экинчиден, мыйзам банктын сыры тууралуу маселени көзөмөлдөп турат, ал кайсы мамлекеттин жараны экендигинен көз карандысыз сакталат.
Улуттук банк өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын гана мыйзамдарынын негизинде ишке ашырат.

Банк эч качан конфиденциалдуу маалыматтарды эч качан башка жакка берген эмес жэана бербейт, Бул мыйзам жана эл аралык ратификацияланган келишимдер аркылуу так , даан башкарылып турат ", - деп билдирди мекемеден.

Ошол эле учурда белгисиз себептер менен банк Vesti.kg сайтынын корреспонденти бул тема боюнча кайрылуу фактысын танып жатат. Бирок редакцияда пресс-кызматтын кызматкерлери менен болгон телефондук байланыштагы сүйлөшүү бар.
Vesti.kg сайтынын суроосу мындай болгон эле:

Америкалык жарандардын банктык транзакциялары Улуттук банк тарабынан отчёт түрундө берилеби. Бирок улуттук банк 2010-жылы АКШда чет элдик эсептерден салык алуу тууралуу мыйзамы чыккандыгын өзүнүн пресс-релизинде көрсөткөн.

"Бул мыйзамдын максаты АКШнын аймагынан сырткары жашаган америкалыктардын эсептеринен салык алуу", - деп билдиришкен Улуттук банктан.
Vesti.kg сайтынын өздүк булактарынын билдиришинче, Улуттук банк америкалык жарандардын финансылык операциялары тууралуу бардык маалыматтарды АКШ бийлигине берип турат.

Өздүк булактын билдирүүсүндө, бул документтерде  бардык акча транзакциялары, которуулар, депозиттик эсептер, вкладдар тууралуу маалыматтар, сделкалар, коммуналдык төлөмдөр жан уюлдук байланыш үчүн төлөмдөр көрсөтүлөт.
Улуттук банк тууралуу мыйзамдын 129-беренесине ылайык , банк, банк ишмердүүлүгү, банктык сыр - бул банк менен кардардын ортосундагы банк тарабынан ишке ашырыла турган бардык мамилелер.

Анан да банк мындай маалыматтарды кардардын жазуу түрүндөгү макулдугусуз эч жакка берүүгө укугу жок. Андан сырткары банк бул маалыматтарды мамлекеттин коопсуздугу үчүн мыйзамдын негизинде көзөмөлдөө органдарына, борбордук банктын банктык козомөлүнө гана бере алат.

Банктын сыры катылган маалымат  кардардын макулдугусуз бир гана :
- Сотко
- экстремизмди жана терроризмди каржылоонун алдын алуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга
- Салык инспекциясына
- Кредит бюросуна
- Мураскорлорго
- Мамлекеттик нотариалдык контораларга
- Соттук актынын негизинде жана башка жактарга берилет.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх