Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга Россиянын кээ бир аймактарынан тоок этин алып келүүгө тыюу салынды

Бул Россия Федерациясында канаттулардын тумоосунун чыгышына байланыштуу

Кечээтен баштап, Кыргызстанга Россиянын үч областынан тоок этин алып келүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу ЖК пленардык жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

- Бул РФ айрым аймактарында чыккан канаттуулардын тумоосуна байланыштуу, - деди ал.

Өз кезегинде Таалайбек Масабиров эмне үчүн базарда Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган өрдөктүн төш эти сатылып жаткандыгын Жумакановдон сурады.

- Өрдөктүн этин Тажикстандан аткезчилик менен алып келишет деген маалыматтар бар. Чек арадагы текшерүүлөр кандай ? Менин колумда эт алып кирүүгө уруксат кагазы турат, сиз кол коюпсуз. Муну кантип түшүндүрөсүз ?

Калысбек Жумаканов бул айтылган тамак-аш киргизүүгө тыюу салынганын айтты.

- Биз уруксатты транзиттик ташууларга гана беребиз, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Вероника Малышева
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх