Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Салык кызматы ишкерлерди ансыз деле "жүдөтөт". Текшерүүнү күчтөөнүн эмне кереги бар?»

МСК башчысынын салыкчыларга «кабинетте отура бербей, чыгып ишкерлерди  текшергиле», деген сөзү көптөрүнө жаккан жок

Салык кызматынын текшерүүсү, анын үстүнө аларды күчтөндүрүү өлкөдөгү кырдаалды оңдоп жибербейт, тескерисинче ишкерлердин ишин жабууга түрткү берет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясий серепчи Аркадий Гладилов билдирди.

Анын айтымында, такай текшерүү мекемедеги коррупциялык тобокелчиликти гана көбөйтөт.

- Салык кызматы ансыз деле ишкерлерди жүдөтөт. Аларга жетекчилерди жиберип күчтөндүрүүнүн эмне кереги бар? Эгерде катардагы кызматкер иштегенди үйрөнө албаса, анда анын ал жерде иштөөсү тууралуу маселе гана коюлушу керек. Андан сырткары, мен бир кичинекей фирманын жетекчисинин салыкчыга акча сунуп жатканына күбө болдум. Мен ага "Эмнеге мындай кыласың? Сен так иштейсиң го"  десем, баары бир бирдеме таап чыгышат издешсе деп кол шилтеп койду.  Бул менин гана текшерүү тууралуу теориям. Эгерде алар мындан да бат-бат келе башташса, анда ишкерлер ишин жыйыштырып да коюшу мүмкүн, - деп эсептейт талдоочу.

Кыргызстанда бизнес кылуу, айрыкча кичи бизнестин өкүлдөрү үчүн аябай эле пайдасыз болуп калгандыгын белгилейт.

- Чындыгында эле, мен Россияга барганымда жергиликтүү бийлик ишкерлерге жардам бергенин көрүп аябай таң калдым. Ал жакта биздин көптөгөн мекендештерибиз тигүү цехтерин, наавайларды ачышкан. Кыргызстандан "гастербайтер"  болуп эле келген жөнөкөй адамдар ишкер болуп калышат. Бизде болсо баары тескерисинче: ири компаниялар үчүн бул текшерүүлөр коркунучтуу эмес, анткени алардын жогору жакта кандайдыр бир чиновник же кадыр-барктуу адамга окшогон «крышалары» бар. Жапа чеккен бир гана кичи бизнестегилер. Мындан ары чыдаганга болбойт. Ушинте беришсе, баарына түкүрүшөт да, түйүнүп алып, аларга жакшыраак мамиле кылган өлкөгө кетип калышат, - дейт Гладилов.

Талдоочунун оюна экс депутат жана ишкер Өмүрбек Абдрахманов кошулгандыгын Vesti.kg сайтына берген комментарийинде билдирди.

Ар кандай салык текшерүүлөрү Кыргызстандын экономикасына жакшы көрсөткүч алып келбейт дейт мурдагы эл өкүлү.

- Канчалаган ишкерлер салыкчыларга мыйзам бузгандыгына көз жумуп коюу үчүн акча берип жаткандыгын бир кудай өзү билет. Мисалга сатылган кофени алалы, алар шаардын четинде арзан, ал эми борборунда кымбат. Бул бир эле аренданын кымбаттыгынан эмес, бул ошол ишкананын жабылып калбашы үчүн кожоюндун төлөгөн акчасына да байланыштуу. Көзөмөлдөө менен эч нерсеге жетише албайт, бир гана салык кызматкерлеринин чөнтөгүн толтурушат. Мен көп байкайм, салыкчылар айлыгы өтө аз болсо да бай турушат, - деп белгиледи Өмүрбек Абдрахманович.

Бирок ошентсе да экс-депутат Кыргызстандагы көмүскө бизнести жок кылуунун башка ыкмалары бар экендигин кошумчалады.

- Бизге эмне үчүн БАЭ сыяктуу патенттик негизге өтүүгө болбойт. Ыңгайлуу болмок, бардык компаниялар ишкананын ишмердүүлүгүнө жараша чектелген сумманы гана төлөйт.

Мисалы, компания ири болсо айлык төлөмү кичинекей компанияга караганда көбүрөөк болушу керек. Эмураттарда муну лицензия дейт, бирок мааниси патенттикиндей эле, - деп сөзүн аяктады Абдрахманов.

Бүгүн МСК пресс-кызматы билдирүү таркаткандыгын эсиңиздерге салабыз. Мекеменин башчысы Теңизбек Абжапаров салык органдарынын ишин талкуулоо учурунда жетекчилерди «кабинеттерде отурбай, чыгып, ишкерлердин төлөмдөрдү өз убагында төлөөсүн текшерүүгө» чакырды.  

Муну менен Абжапаров уруксат документи жок бизнесин жүргүзүп жаткан ишкерлерди табууну көздөйт.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх