Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү балык чарбачылыгын жандандыруу - кээ бир ишкерлерди гана байытуу ыкмасыбы ?

Кыргызстандагы балык чарбасын өнүктүрүү тууралуу өкмөттүн идеясы кыйроого алып келиши мүмкүндүгүн эколог эскертет

Өкмөттүн балык чарбасын өнүктүрүү тууралуу идеясы элдин пайдасына эмес кайсы бир ишкердин пайдасын гана көздөйт. Бул тууралуу ой менен  Vesti.kg сайтына белгилүү эколог, биология илимдеринин доктору Эмил Шүкүров кайрылды.

- Мурда биздин колмөлөрдү ар кандай таштандылар менен толтурушту эле, эми кайрадан бул ишти колго алабыз деп жатышат,- деп кабатырланат Эмиль Жапарович. - Мына, мисалга, Соң-Көлдө таптакыр балык жок эле, бирок ал жерде кызыл китепке кирген тоо өрдөктөрү уялачуу. Анан ал жерге балык өстүрүштү эле канаттуулар көлгө такыр учуп келбей коюшту. Жакында эле мага бир тосмолонгон жер тууралуу айтышты, ал жерде сууда жашоочу канаттуулар жашачу экен. Бирок ал тосмону алып салышты. Эми ал жерге канатуулар уялабай калышты.

Шүкүров айтат, эгерде балык чарбасын өнүктүрсө, жакшы болгон учурда киши башына  1 жылда 20 кг балык болот.

- Чиновник балык өстүрүү тамак ашты ар түрдүү кылуу үчүн корүлүп жаткан камкордук дейт, бирок мунун баары жалган, - дейт ал. - Бул кайсы бир ишкердин эле жем жеген акуру болуп калат. Калкты тамак-аш менен камсыз кылуу өзгөрбөйт деле. Бирок бизде көлмөгө балык өстүрүүгө чоң мумкүнчүлүктөр бар. Мына ушуга көңүл буруу зарыл. Кыргызстанда балык өстүрө турган жасалма көлдөр көп. Бирок алар табигый көлдөрдөн тосмолонуп, бөлүнүп туруусу керек.

КР айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация Министрлиги «КР көлмө балык чарбасын жана суу маданиятын өнүктүрүү жана балык корун көбөйтүп, сактоо тууралуу» долбоору боюнча өкмөттүн токтомун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.


Мекеме Ысык-Көл, Соң-Көл жана башка өлкөнүн балыкчылык көлмөлөрүндө балык чарбасын жандандырууну көздөп жатат. КР мыйзамына каршы келбеген инвестиция, грант жана башка булактарды тартууну активдештирет.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх