Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казынага «коррупциялык» 63 миллион сомду кайтарып алышты

Каржы бирдиктүү депозиттик эсепке акча каражатын топтоо үчүн түштү

Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражатынын өлчөмү 63 миллион 362 миң 758 сомду түздү. Бул туурасында ЭККМК пресс-кызматы билдирет. «Бул которуулар КР өкмөтүнүн №298 токтомун аткаруу үчүн жүргүзүлдү. Топтологон акча каражаты мамлекетке келтирилген экономикалык жана кызматтык кылмыш иштерин ачууда топтолду», - деп айтылат билдирүүдө.  

Азыр ЭКККМК КР коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткаруу үчүн иш-чараларды жүргүзүп жатат. 2018-жылдын 8-февралындагы КР президенти Сооронбай Жээнбековдун тезисине ылайык сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарында коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүп жатат. Бул күрөштүн багыты өлкөнүн экономикалык коопсуздугу жана чыгымдарды калыбына келтирүү болуп саналат.

КР өкмөтүнүн ЭКККМК пресс-кызматы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх