Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков өзүнүн мугалимдердин айлыгын көтөрөм деген убадасына тураарын айтты

Президент адегенде Кыргызстандын экономикалык абалын оңдоп алуу зарыл экендигин белгиледи

Президенттин мугалимдердин айлыгын көтөрөм деген убадасы акырындык менен аткарылат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун тургундары менен болгон жоолугушуусунда билдирди.

- Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү, эми кезек мугалимдердики, - деди өлкө башчысы.

Мамлекет башчы кызматка киришкен биринчи күндөн тартып шайлоо алдында берген убадаларды аткарууга киришкендигин белгиледи.
«Менин негизги убадаларым - бул аймактарды өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн суугат системасын жакшыртуу жана коррупция менен аёсуз күрөшүү. Мен элге дагы бир убада берген элем. Ал - мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү болчу», - деди Жээнбеков.
Президент белгилеп өткөндөй, айлыктарды көтөрүү үчүн адегенде өлкөнүн экономиаклык акыбалын оңдоп, мамлекеттик бюджетти уурдоону токтотуп жана кирешени көбөйтүү керек.

«2018-жылы дал ушул багытта иш алып бардык жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн базаларды түздүк. 2018-жылы тогуздун айынын биринен баштап медицина кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү. Иштин бул бөлүгүндө үй бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын, практика өтөп жаткан дарыгерлер менен фельдшердик-акушердик пункттардын орто персоналдарынын айлыктары көтөрүлдү. Мындан кийинки аткарыла турган иш стационардык медициналык мекемелердеги кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт. Өкмөт менен саламаттык сактоо Министрлиги биргелешип иштеп жатышат», - деп белгиледи президент.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх