Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Казакстан бирдин айында Кыргызстанга бензин экспортун башташы мүмкүн

  • 620 жолу кароо

 Кыргызстандан бензин экспорту тууралуу жооп бир жума мурун келген

 Казакстан тийиштүү документтерге кол коюлары менен 2019-жылдын февраль айынан баштап Кыргызстанга бензин экспортун баштайт. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Бозумбаев кыргыз тараптан бир жума мурун жооп келгенин жана үчтүн айынын башында орун басарын Кыргызстанга жиберерин айтты.

 “Кыргызстандан бир жума мурун жооп келди. Жалпы алардын редакциясы туура. Ушул жумада же үчтүн айынын алгачкы он күнүндө орун басарымды Кыргызстанга жиберем. Кол коюлса бирдин айынан баштап Кыргызстанга экспортту баштайбыз”, - деди министр.

 Казак министри бензинди экспорттоо маселесин Евразия Экономикалык Биримидигине мүчө жана ага мүчө эмес мамлекеттер менен талкуулап жаткандыгын кошумчалады.

Алия Самидин

Ой-пикир кошуңуз


Наверх