Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетип жатышынын үч себеби

«Бирок эң негизгиси - биздин ички көйгөйлөр...»

Кыргызстандан чыгып кетип жаткан инвестициянын көлөмү 2018-жылы тартылып келген инвестициянын көлөмүнө дээрлик барабар болуп калды. Жогорку Кеңештин коргонуу жана эл аралык маселоелер боюнча комитетинин жыйынында «Мактана турган нерсебиз жок» деп айтты Бахадыр Сулейманов.
Экономика министри Олег Панкратовдун сөзү боюнча, 2018-жылы аяк оонада жана үчтүн айында тартылып келинген инвестициялар 344,9 миллион долларга барабар болгон. Ошол эле учурда бизден чыгып кеткен инвестициянын көлөмү 328,1 миллион долларды түздү.

Экономика жаатындагы эксперт Азамат Акенеевдин сөзү боюнча, мынедай кайгылуу көрүнүшкө бир нече факторлор таасирин тийгизет. Алардын бири - КМШ өлкөлөрүнөн капиталдын чыгып кетиши, жалпы эле өнүгүп келе жаткан аймактын баарынан.

- Бул АКШнын акча саясатына байланыштуу, эсептик ставка Федералдык резервдик системада 3 пайызга тете, - деп түшүндүрөт ал Vesti.kg сайтына. - Андан сырткары, көптөрү Орусияга салынган санкциядан коркушат. Орусия болсо биздин негизги өнөктөшүбүз. РФ экономикасындагы көрсөткүчтөр биздин рынокто да чагылдырылат.
Экинчи себеби, чет элдик ишкерлер Кыргызстандын экономикасына салым салгысы келбейт, анткени ага сомдун бул аймактагы курсунун жогору болушу түрткү болот. Экономисттин ою боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча саясаты бизди атаандаштыкка туруштук бере албай турган кылып койгон. Алтургай Кыргызстандагы бар капиталдар да акырындык менен коңшу өлкөлөргө чыгып кетет. Анан кайсы чет элдиктер тууралуу сөз болсун. Орусиядагы рубль курсунун түшүп кетишине байланыштуу ал жактагы бизнес кымбат болбой калды, бирок бардык негизги рынок мурункудай эле ошол жакка багытталган.

-Бирок негизги көйгөй - бул биздин ички көйгөйлөр, - деп баса белгилейт Акенеев. - Бизде менчикке болгон укук корголбойт. Инвестор келечигин болжоп туруп, биздин бийликтин экономикалык саясатына ишенбейт.

Мыйзамдардын олку солкулугу тууралуу дагы бир экономика боюнча эксперт Рустам нурматов айтты. Бизнестин жабылышынын эң негизги себеби катары Кыргызстандагы мыйзамдардын туруксуздугун атады.

- Инвесторлор бул жерде ири бизнес ачуудан коркушат, дейт ал Vesti.kg сайтына. - Алар рейдерлик басып алуулардан коркушат. Кендердеги окуялар буга мисал боло алат, элдер барып өрттөп кетишти. Анан ошентсе инвесторлор келмек беле?

Анын үстүнө өкмөт бизнести коргобойт: эксперт ошондой бейбаштардын жазаланган бир да учурун көрө электигин айтат. Мамлекет жеке бизнестин коопсуздугуна кепилдик бере албайт, ушунун айынан чет элдиктер да, биздин ишкерлер да жабыр тартышат.
- Инвестицияны коргоо мыйзамы иштебейт, - дейт Нурматов. - Мен да ишкермин, көзгө көрүнгөндөн мен да корком, анткени бирөө көз салып койгон болсо, тартып алат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх