Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы башчысына нааразы болушту: Кытайдан көмүскө импорт келип жатат, бирок азыраак санда

Ар түрдүү алып келүүлөрдүн эсеп системасы баарын чакчелекей кылат дейт экономист Сергей Понамарев

Кытайдан Кыргызстанга келип жаткан көмүскө импорт жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын тңрагасы Алмаз Оңолбеков билдирди.

«Кытайдан келген товардын салмагы боюнча пикир келишпөөчүлүктөр жок, - деп түшүндүрдү МБК төрагасынын орун басары Алтынбек Торутаев. - Маалыматтар алардын баалары түрүндө көрсөтүлөт. Биз дайыма айтып келебиз, эсептөөнүн ар түрдүү ыкмалары бар».

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөн Абдыров эсептөөнүн ыкмасы Кытайда биздикине караганда башкача экендигине макул болду. Бул нерсе маалыматтардын ар түрдүү болуп калышына себеп болушу мүмкүн.

- Мурда мындай факторлорго карап маалыматтардагы айырманы жок кылып турушчу. Бирок азыр антишпейт окшойт, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Евразиялык экономикалык уюмга киргенден тартып, биздин биздин чегарада көзөмөл күч алган. Менимче, бажы кызматынын башчысы туура айтып жатат.

Экономикалык маселелер боюнча эксперт, базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн Бирикмесинин директору Сергей Пономарев Vesti.kg сайтына Кыргызстанда элге керектелчү товарды салмагы боюнча эсептейт, ал эми Кытайда болсо бааны товардын ар бир даанасына бычышат. Экономист биздин өлкөдө «салмактык» система 1996-жылы киргизилгендигин түшүндүрдү, ТНП ар бир килограммына 10 центтен кылып бычышкан. Ошондон бери аны бир нече жолу жогорулатышты, Кыргызстан ЕАЭБге кире электе 1,5 долларга жетпейт болчу.

- Бирок Кытай өзүнүн экспортун башкача эсептейт, ушунун айынан баш адашуу келип чыгат, - деп айтты Пономарев. Кыргыз Республикасынын мындай системаны кабылы алышына өз алдынча иштеген жарандарды камсыздоо зарылчылыгы негиз болгон. Ошол убакта көптөгөн ишканлар Советтер союзунун кулашы менен экономикалык байланыштун жоктугунан жабылып калды.

- «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары гана гүлдөгөн ал убакта, - деп эскерет эксперт. - Кийинчерээк «Дордой» Орто Азияда лидер болу, алтурсун дүйнөдөгү ири базарлардын тизмесине кирди.

Пономаревдун ою боюнча, ишкерлердин деми да чоң мааниге ээ болду. Ата мекендик ишкерлер бул жаатта күчтүү атаандаш болушуп, Казакстан менен Орусияны артта калтырышты, деп эсептейт ал.

- Көмүскө схема бизде бар, буга байланыштуу чуулгандуу, ири иштерди эстегенге болот, - деп баса белгиледи эксперт.

- Бирок бул жерде кеп масштабда болуп жатат. Кырдаалды саясатташтырып, аны андан беш бетер көбүртүп, жабыртып жатышат. Бул болсо укук коргоо органдарынын иши. Оңолбековдун сөзү боюнча, 2018-жылы Кытайдан Кыргызстанга 607 миң тонна товар алып кирилген, анын баасы 1,7 миллиард долларга барабар. Ошону менен бирге 26 млрд. 650 миллион сом бажы пошлинасы төлөнгөн. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 25% өскөн, дейт ал.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Кыргызстандын элитасы аткезчиликти жашырып, республикага көптөгөн миллиард чыгым келтирип жаткандыгы тууралуу жазган эле.

Эл аралык соода борборунун сайтындагы соода стаистикасынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосундагы 20 жылдык соодадагы ортодогу эсептин айырмасы 50 миллиард долларды түзгөн.

Түркиядан келе турган импорт биздин бажынын маалыматы боюнча, 1, 129 млрд. долларга тете, бирок түрк тарап 2,968 млрд деп жатышат.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы товар жүгүртүү да маани берээрлик. Бирок тескери жагына.Башка мамлекеттен сатылыпп алынган товар бизде АКШныкы деп декларацияланат да, америкалык деп сатылат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх