Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Дастан Бекешев ата мекендик органикалык өнүмдөргө ишенбейт

«Бизде «халал» деген белгини коюп туруп эле, анын сапатын эч ким текшербейт»

Кыргызстанда органикалык өндүрүш бар, бирок бул бардык эле өнүмдөрдүн органикалык экендигин түшүндүрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.

- Бизде азыр өнүмдөргө «халал» деген белги коюп жатышат, бирок иш жүзүндо алардын сапатын эч ким текшербейт, - деп түшүндүрдү ал. - Алтургай «халал» такси дегенге жетип калдык.

«Органикалык өнүм» деген түшүнүк чыны менен иштеши үчүн, мыйзамды сактабаган өндүрүшчүлөргө карата жоопкерчилик чарасын иштеп чыгуу керек.

Өз кезегинде Айнуру Алтыбаева өкмөт Кыргызстанда органикалык өнүмдүн бренд болушу үчүн аракет кылышы керек дейт.

- Германияда «жашыл жума» болгондо, ага бүткүл Европадан келишип, дыйкандардын товарларын сатып алышат, - деп түшүндүрдү ал. - Биз ушуга окшогон бир нерсе ойлоп табышыбыз керек. Бул тармакты көтөрүүбүз керек. Менимче, органикалык өндүрүш менен алектенген дыйкандарга пайызсыз ссудаларды берүү керек.

Түшүндүрө кетели, парламентте «Кыргызстандын айыл чарба органикалык өндүрүшү тууралуу» мыйзамдолбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх