Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт Министрлигиндеги коррупция үчүн Жээнбековго арызданышат

«Жаңы министр Сосновкадагы кырдаал боюнча чечүүчү чараларды көрбөй жатат. Бул башаламандыкты токтотуу керек»

Саясат талдоочу Бакыт коопсуздук Кеңешине Сосновкадагы чоң жүк ташуучу машиналардын көлөмсалмактык көзөмөл пункту боюнча арыз жазууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү айтып берди.

- Мен жакында эле ал пунктка барып келдим, ал жерде коррупция гүлдөп жаткандыгын көрдүм, - деп түшүндүрдү Бакетаев. - Айдоочулар мага ар кандай ашыкча жүгүң болсо да, миң сом берип туруп, андан ары кете берүүгө болот дешти. Бирок, анткени менен биздин жолду талкалап жатышпайбы.

Бакыт Кушбекович бул көйгөй быйыл эле жаралып жатпагандыгын жана эч кимдин бул маселени чечүүнү каалабагандыгын белгиледи.

- Мына, жакында эле транспорт Министрлигине жаңы жетекчи келди, ал тиги жерде эмне болуп жаткандыгын билсе деле керек, - деп ой толгойт ал. - Бирок эч кандай чара көрбөйт. Болбосо ошолжерге камера орнотуп, кыдырып текшере турган мобилдүү топ уюштуруп коюу эле жетишмек. Мен коопсузудук Кеңешине жана президентке кат жазам, бул маселе аларды ойлондурбаса да жазам. Бирок бул башаламандыкты токтотпосо болбойт.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх