Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын туристтер тууралуу көкүрөк көтөрө жасаган баяндамалары чындыкка дал келбейт»

«Жибек жолу» туризм бирикмесинин башчысы акыркы жылдары Кыргызстанга эс алууга келген чет элдик туристтердин саны көбөйгөн жок деп эсептейт

Кыргызстанга жылына канча чет элдик туристтердин келгендиги тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Жибек жолу» туризм бирикмесинин президенти Владимир Комиссаров айтып берди.

-Туристтик фирмалардын маалыматына  караганда, быйыл берилген буйрутмалар былтыркыга салыштырмалуу анчалык деле айырмаланбайт, - деди ал.

-Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстанга туристтердин келүүсү 2017- жыл менен 2018-жылдын ортосундагы көрсөткүчтө айырмасы анчалык деле байкалаарлык эмес, бирок мамлекеттик органдар туристтердин санынын жылдан жылга өскөндүгү тууралуу көбүртүп жабыртып баяндама беришет. Алардын көкүрөк көтөрө жасаган баяндамалары чындыкка дал келбейт.

Комиссаров расмий статистикада бир ичиндеги биздин өлкөгө келген бардык ажарандарды эле турист деп көрсөтө беришет, бирок алардын баарын турист дегенге болбойт деп түшүндүрдү.  

- Эл аралык туристтик уюмдун аныктамасы боюнча, турист деп өзүнүн туруктуу жашаган жерин таштап жана келген жеринде бизнес менен алек болгон адамды айтышат, -деди ал. – Ал эми биздикилердин сүрөттөөсүндө туугандарына учурашканы келген жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө келген адамдар да турист болуп эсептелип жатат. Биздин өлкөгө кошуна Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын жарандары көп келишет. Бирок алардын канчасы турист экендигин айтуу бизге кыйын. Балким кандайдыр бир өзбекстандык Кыргызстанга кырк жолу арзан товар алып кеткени келген чыгар, аны болсо статистикага турист катары киргизип жатышат.

Эксперттин айтымында, мамлекеттик органдар Кыргызстандагы статистикага өздөрү да ишенбейт.

-Ага мисал катары орус туристтеринин саны биздикилердин маалыматында орустардыкына караганда үч эсеге көптүгүн айтсак болот, - деп сөзүн аяктады ал.  

Түшүндүрө кетели, «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Данияр Казаков быйылкы жылы Кыргызстанга келе турган туристтердин саны аябай көп боло тургандыгын билдирди. Анын сөзү боюнча, быйыл Катардан Сеулга түз каттам ачылат, бул болсо бизге келе турган туристтердин агымын көбөйтөт.

«Мамлекеттик ишкана жаңы туристтик багыттарды жана аймактагы обьекттерди иштеп чыгат. Биз долбоорлорду карап чыгууга, инвестор издөөгө, жер маселесинде жардам кылууга жана коммуникацияларды кылууга даярбыз. Мекеме арап өлкөлөрүнөн меймандарды тартууга басым жасайт», — деген Казаковдун сөзүн журналисттер жазып чыгышты.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх