Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономист: Кыргыз мигранттарына Орусия Федерациясында криптовалюта биржасын ачканга мезгил келип жетти

Орусия Кыргызстанга акча которууларга чектөө киргизди

Орусия Федерациясынын Борбордук банкы чын курандын он алтысынан баштап бир нече өлкөлөр үчүн чектөө киргизди, анын ичинде Кыргызстан да бар. Эми биздин Орусияда иштеп жаткан мекендештерибиз үйлөрүнө айына 100 миң рублден ашык акча жөнөтө алышпайт. Борбордук банктын маалыматы боюнча, чектөөлөр көмүскө операциялар жана катталбаган ишкерлер менен курөшүү максатында киргизилген. Тактап айтканда, ири соода түйүндөрүнөн мындай транзакциялар бир эле адамдын атынан кыска мөөнөттүн ичинде бир нече ирет ишке ашырылган учурлар көп. Акча которуулардын көлөмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде экинчи орунду ээлейт. 2018-жылы бул көрсөткүч 1,3 миллиард долларды түздү.

Vesti.kg сайты менен болгон маегинде экономист Искендер Шаршеев иштин баары арифметикада экендигин белгилеп кетти.
- Кыргызстанга импорт-экспорт операцияларын ишке ашырчу жеке ишкерлер 40%, айрым бир маалыматтарда 60% акча которууларын ишке ашырышат деген божомолдор бар, - дейт ал. - Жеке адамдар үчүн которуунун комиссиясы 0,5 же 1,5 %, ал эми ишкерлер үчүн 5% чейин. Ошондуктан көпчүлүк ишкерлер жеке адам катары которушат акчаларын.

Ошентип, Кыргызстанга эмгек мигранттарынан келүүчү акча кыскарганы турат. Былтыр бул сумма дээрлик 2 миллиард 700 миң долларды түзгөн болчу. Бул деген өлкөнүн ИДП үчтөн бирин түзөт. Санкциядан качып жана акчаны жоготуп албоо максатында эсептин жаңы түрүнө өтүү керектигин айтат Искендер Шаршеев.

- Биздин Орусиядагы мигранттарыбыз криптовалюта биржасын ачуучу мезгил келип жетти, - деп какшыктайт ал. - Бул 0,0005 - 0,0001% комиссия жана ишкерлердин анонимдүүлүгү менен болот, эмгек мигранттары үчүн да ошондой.

Бакыт Чермашев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх