Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанга 12 миллиондон ашык доллар которот
Каражат коронавируска каршы күрөшкө жумшалат
Бүткүл дүйнөлүк банк коронавируска каршы күрөшүүгө Кыргызстанга 12 миллиондон ашык доллар бөлөт. Бул тууралуу финансылык уюмдун биздин өлкөдөгү өкүлчүлүгү билдирди.
Мындан сырткары, буга чейин бөлүнгөн каражаттын 9 млн сому дагы коронавируска жана анын кесепеттерине каршы күрөшкө которулат.
Каржылоо ооруканаларга жабдууларды, медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуу каражаттарын жана кайра жандандыруу бөлүмдөрүнүн шарттарын жакшыртууга жумшалат.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Эл аралык валюталык фонд COVID-19 менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 120, 9 млн доллар бөлгөнүн жарыялаган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз