Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда алкогол үчүн акциздин жогорулашы тууралуу: «ЕЭК бизге ансыз деле жеңилдик кылып беришти»

Алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы бул өзгөртүүлөрдүн коркунучтары туурасында айтып берди

Алкоголь үчүн акциздик салыктын жогорулашы - Кыргызстан үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары акыры боло турган иш. Vesti.kg сайтына муну Алкоголь продукциясын өндүрүүчүлөр, экспортер жана импортерлордун ассоциациясынын президенти Акылбек Кунакунов түшүндүрдү.

- ЕЭК комиссиясы ансыз деле бизге жеңилдик кылып, Кыргызстан менен Арменияга ылдыйыраак коюмдарды коюп берди, - деди ал. Башында ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн акциздик салыгын теңемекчи болушкан. Бирок, Россияда, мисалы ал 270 сомду түзөт. Биз Россия, Беларуссия жана Казакстандагы жашоо деңгээли менен биздикин салыштырууга болбойт экенин айтып ишендире алдык. Комиссия буга макул болуп, чогуу орточо коюмду таба алдык.

Кунакунов акциздик салыктын жогорулашы, албетте алкоголдук ичимдиктердин кымбатташына алып келерин белгиледи.

Ошондой эле, кээ бир өндүрүүчүлөр тарабынан көмүскөгө кетүү аракеттери болорун, мындан улам контрафакттуу продукциялар менен күрөшүү өтө кылдат жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

- Бирок, албетте, акциздик салыктын сандары бизнес-коомчулук менен макулдашылган, - деп кошумчалады Алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти. - Биз бул маселени абдан көп убакыт талкууладык, талашып-тартыштык, тегерек үстөлдөрдү, жолугушуу, семинарларды тынбай өткөрүп жаттык. Маморгандар, анын ичинде КРнын Экономика министрлигин бизнес коомчулуктун пикирине кулак кагып жатты, бирок, бүгүнкү күндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен шайкештөө - биз үчүн артка кайткыс жол.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg 2020-жылдын январынан тарта этил спирти жана алкоголь продукцияларынын айрым түрлөрү үчүн акциздик салыктын коюмдары жогорулаганын билдирген.

Атап айтсак, арак жана ликер-арак ичимдиктери, ачуу ичимдиктерине акциздик салык литрине 70 сомдон 100 сомго жогорулады. 2021-жылы бул алкоголь продукциясынын категориясы үчүн акциздер литрине 120 сом, 2022-жылы 140 сом, 2023-жылдан тарта 160 сомду түзмөкчү.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх