Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык төлөөчүлөр пайыздарды жана салык санкцияларын төлөө милдеттенмесинен бошотулат

Сооронбай Жээнбеков «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнө айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жолу менен COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемия шарттарында салык төлөөчүлөрдүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

Салыктык карыз, анын ичинде бажы органдары тарабынан алынуучу импортко кошумча нарк салыгы, импортко акциздик салык боюнча карыз жана салык төлөөчүлөрдүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнө карыздар ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда кайра түзүмдөштүрүүгө жатат.

Мыйзам менен салык төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана салыктык санкцияларды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулары каралган:

100 пайыз — 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда;
50 пайыз — 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана айып пулдарды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулат:

100 пайыз — 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө;
50 пайыз — 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫНЫН басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх