Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадамжай районунда соода-логистикалык борборду куруу демилгеленүүдө

Мында 100 га аймакта өнөр жай объектилерин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү жана экспорт үчүн курулуш материалдарын чыгаруучу ишканаларды куруу пландалууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусунун Кадамжай районунда соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоор менен таанышты.

Мында 100 га аймакта өнөр жай объектилерин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү жана экспорт үчүн курулуш материалдарын чыгаруучу ишканаларды куруу пландалууда.

Бул соода-логистикалык борбордун курулушуна катышууга даяр инвесторлор бар экендиги белгиленди.

Мамлекет башчысы аталган долбоорду ишке ашыруунун маанисине токтолуп, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке бул маселенин тез арада чечилишине көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылуу маселесин чечип, ички миграциянын агымын азайтууга жана жалпы эле региондогу социалдык-экономикалык өнүгүү динамикасын жакшыртууга жардам берерин кошумчалады.

Эске салсак, региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бири болуп жергиликтүү ишкердүүлүктү колдоо саналат.

КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх