Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл башынан бери мал чарба жана өсүмдүк продукцияларынын өндүрүлүшү көбөйдү

КР Экономика министрлигинин билдирди

2020-жылдын январь-август айларында айыл чарбасында өндүрүлгөн дүң продукциялар 132,3 млрд. сомду түзгөн. 2019-жылдын ушул убагына салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 101,8 пайызды түздү (2019-жылдын январь-августунда – 102,1 пайыз болгон). Мындай сандар КР Экономика министрлигинин 2020-жылдын январь-август айларындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча өткөрүлгөн брифингде айтылды.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүлүшүнүн көлөмүнүн өсүшү негизинен мал чарба продукцияларынын 1,7 пайызга жана өсүмдүктөрдүн 2,1 пайызга көбөйүшү менен шартталган.
ИДПнын калыптануусуна айыл чарбасынын салымы 0,21 пайыз деп бааланып, анын ИДП өндүрүмүнүн түзүмүнө салыштырмалуу салмагы 12,9 пайыз болуп калууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх