Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү

Пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартканы айтылды

Жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү
Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин брифингинде айтылды. Брифингде 2020-жылдын январь-август айларындагы республиканын социалдык-экономикалык негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтар келтирилди.
Ошондой эле пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартканы айтылды. 2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болгон, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түзгөн.
Экономикалык өсүштүн темпине тейлөө тармагынын таасири терс болуп, ИДПнын түзүмүнө кошкон салымы (-) 4,6 пайызды көрсөтүп, ИДПнын түзүмүндөгү салыштырмалуу салмагы 46,5 пайызды түзгөн.
2020-жылдын январь-август айларында дүң – чекене соода кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң чыгарылышы 76 млрд. сом көлөмүндө болуп, реалдуу көрсөткүчтө 16,8 пайызга кыскарган. 2019-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүргүзүүнүн, автомашиналарды жана мотоциклдерди ремонттоонун кыскаруусу негизинен дүң көлөмдүн (19,4 пайызга), чекене сооданын (16,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган. Мындан тышкары мотор майларынын чекене соодасы (13,3 пайызга) да төмөндөгөн. Ошол эле учурда өткөн айларга салыштырганда августта дүң – чекене соода секторунда 0,3 пайызга өсүш байкалды.
Отчеттук мезгил аралыгында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн дүң чыгарылышы 19 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 39,1 пайызга ылдыйлаган. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү авиа каттамдар менен автоташуулардын өлкө ичинде да, башка өлкөлөргө да ташуулардын төмөндөшү менен шартталган.
Жалпысынан алганда биринчи кварталдын аягынан тарта ай сайын өтө төмөндөөлөр болуп, кээде айына 6 пайызга түшкөн мезгилдер болгон. Августтун жыйынтыгы менен ушул сектордун көрсөткүчтөрү ушул жылдын июль айынын деңгээлинде калууда, бул демек аталган сектордо төмөндөө азайып, калыбына келүү фазасына өтүп жаткандыгын көрсөтүп турат.
Маалымат жана байланыш тармагынын дүң чыгарылышы отчеттук мезгилде 18,9 млрд. сомду түзүп, өсүү темпи 100,4 пайыз болду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх