Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын экспорттук ташуулары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,7 пайызга көбөйгөн

Сооданын көп пайызы Россияга, Казакстанга кеткен

2020-жылдын 8 айында экспорттук ташуулардын көлөмү 1 129,2 млн. сомду түздү
КР Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3083,7 млн. АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21, 7 пайызга кыскарган. Республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен ички соодасынын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда 1288,7 млн. долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,9 пайызга азайган.
Кыргызстандын экспорттук ташуулары 2020-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,7 пайызга көп болуп, 1129,2 млн. долларды түзгөн.
Ушул жылдын январь-июлунда экспорттун көбөйүшү алтынды экспорттоонун көлөмүнүн 34,2 пайызга өсүшү менен шартталган. Анын жалпы экспорттук ташуулардагы үлүшү ушул мезгилде 55,2 пайызга көбөйгөн.
Мындан тышкары тирүү жандыктардын экспорту 3,4 эсе, кагаз жана картондун, кагаздан жасалган буюмдардыкы 2,8 эсе, электр машиналары жана жабдуулар 15,8 пайызга, жабдуулар жана механикалык түзүмдөр 14,7 пайызга, сүт жана сүт азыктары 11,7 пайызга, жемиштер менен жаңгактар 6,2 пайызга, пластмассалар жана андан жасалган буюмдар 1,7 пайызга рудалар жана кымбат металлдардын кошулмаларынын экспорту 1,4 пайызга өскөн.
Булар менен бирге бут кийимдерди ташуу 7,4 эсеге, керамикалык буюмдар 4,8 эсеге, таштандылар жана калай сыныктары 4,7 эсеге, жер семирткичтер 4,4 эсеге, таштандылар жана алюминий сыныктары 4,3 эсеге, цемент 2,4 эсеге тамеки жана тамеки буюмдары 2,1 эсеге, кийим жана кийимге тиешелүү буюмдар 1,5 эсеге, пахта буласы 1,5 эсеге, чийки нефть 28,2 пайызга автомашиналарга жана тракторлорго тиешелүү жабдыктар 24,2 пайызга, жашылчалар 24,0 пайызга, жылтыратылган айнек 22,7 пайызга төмөндөгөн.
2020-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга импорттук ташуулардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9 пайызга төмөндөп, 1954,5 млн. АКШ долларын түзгөн.
Сырттан ташып келинүүчү териден жасалган буюмдар 5,1 эсеге, бут кийимдер 4,1 эсе, кийимдердин түрлөрү жана ага тиешелүү буюмдар 2,6 эсе, химиялык жиптер жана булалар 2,5 эсе, керамикалык буюмдар 2,1 эсе жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар 1,9 эсе, электр машиналары жана жабдуулар 1,9 эсе, жер семирткичтер 1,5 эсе, жемиштер жана жаңгактар 29,5 пайызга, самын жана жууп жалтыратуучу каражаттар 26,9 пайызга, пластмассалар жана андан жасалган буюмдар 25, 3 пайызга, дан азыктары 24,1 пайызга, тамеки заттары 18,5 пайызга, нефтепродуктулар 11,9 пайызга азайганы байкалган.
Бир эле учурда сырттан ташып келинүүчү кара металл 1,6 эсеге, жашылчалар жана өсүмдүктөр 41,9 пайызга, алюминий жана андан жасалган буюмдар 40,2 пайызга, буудай уну 34,6 пайызга, табигый газ 11,4 пайызга, фармацевтикалык продукциялар 4,6 пайызга өскөнү байкалган.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен 2020-жылдын январь-июлундагы өз ара соодасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,9 пайызга төмөндөгөн, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук ташуулар 23,5 пайызга, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттук ташуулар 16,2 пайызга кыскарган.
Кыргызстандын ЕАЭБ ичиндеги өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көп үлүшү Россияга 66,7 пайыз жана Казакстанга 31,3 пайыз туура келет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх