Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашышы мүмкүн. Эксперт эмне себептен буга чейин болбогонун айтып берди
Төлөнбек Абдыров бул жааттагы көйгөйлөр техникалык регламенттер сакталбагандыктан келип чыккан деп түшүндүрдү
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Tengri.kzке Казакстан Республикасындагы экономикалык эксперт Лидия Пархомчик билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстан өз кезегинде казып алуучу жана жеңил өнөр жай тармагындагы казакстандык товарларды сатуу үчүн салтка айланган базар.
Ал арада Vesti.kg сайты экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров менен байланышып, Казакстан менен соода жүгүртүүнүн көбөйүшү пандемияга чейин эле, бир нече жыл мурун күтүлүп жаткандыгын белгиледи.
"Коңшу боордош өлкөлөр катары биз илгертен бери соода жүргүзүп келгенбиз" деп белгиледи эксперт. - Бирок, акыркы жылдары ЕАЭБ жана башка эл аралык нормалар аркылуу бардык стандарттарды киргизүүдөн улам бир катар көйгөйлөр жаралды. Бирок жалпысынан Казакстан менен Кыргызстандан товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн жакшы өбөлгөлөр бар.
Мындан тышкары, Абдыров техникалык регламенттер сакталбагандыктан товар жүгүртүүдөгү көйгөйлөр келип чыккандыгын кошумчалады.
"Техникалык регламенттин шарттары илгертен ISO (Эл аралык Стандартташтыруу Уюму) сыяктуу эл аралык стандарттардын негизинде иштелип чыккан", - деп сөзүн улады эксперт. - Кыргызстан үчүн, ЕАЭБге кирүүдө ушул стандарттарды так сактоо жөнүндө айтылган шарттар коюлган. Бирок, бул бизди айланып өтүп кетет деп ойлогонбуз. Натыйжада талапка жооп бербеген товарлар кайтарылды.
Экономисттин айтымында, бардык стандарттар жана техникалык регламенттер аткарылган шартта, мамлекеттер 3-4 жыл ичинде 1 миллиард доллардык соода жүгүртүүдөн ашып кете алышат.
- Жаңы стандарттарды өздөштүрүп аларыбыз менен, биздин алдыбызда Казакстандын гана эмес, Европанын жана Кытайдын базарлары ачылат деп ойлойм. Бардыгы биз ал жакка канчалык сапаттуу өнүмдөрдү жеткиребиз, ошого байланыштуу, - деп сөзүн жыйынтыктады Төлөнбек Абдыров.
2020-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода 2019-жылга салыштырмалуу 20% га азайып, 794 миллион долларды түзгөнүн эске сала кетели.
Канышай Балкыбекова
Фото www