Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономика министрлиги: Айына социалдык маанилүү товарлардын баасынын өсүшү орто эсеп менен 2 пайыздан ашпайт

Башкармалык белгилегендей, сүт баарынан көп (3,4 пайызга) кымбаттады

Экономика жана соода министрлиги социалдык маанидеги товарлардын баасынын өзгөрүшү тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, продукциянын өздүк наркы дүйнөлүк өсүш тенденцияларын кайталайт, өзгөчө импорттук продукция, анын чоң үлүшү россиялык.

Алсак, 26-январга карата республика боюнча баалардын өзгөрүшү (сом менен):

Республика боюнча орточо алганда ай ичинде чекене баалар туруктуу бойдон калып жатканы белгиленген. Бирок, сезондук фактор менен да, ошондой эле Кыргыз Республикасы импортко көз каранды болгон тышкы рыноктордогу кырдаал менен да байланышкан эркин рыноктук баа түзүүгө мүнөздүү болгон айрым термелүүлөр бар.


Өздүк нарктын максималдуу өсүшү сүт боюнча катталган – 3,4 пайызга чейин, бул тоютка болгон баанын көтөрүлүшүнө, сүт берүүнүн сезондук төмөндөшүнө жана чийки затты – чийки сүттү берүүнүн кыш мезгилинде кыскарышына байланыштуу.

Калган социалдык маанидеги товарлар боюнча ай ичинде баалардын жогорулашы 2 проценттен ашпайт.

Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх