Мурдагы айыл чарба министрлери мекемени оптимизациялоодо тобокелчиликтер тууралу эске салышты
Жана, албетте, айлык акылар жөнүндө – мындай төмөн айлык акыга бир дагы жакшы адис барбайт деп ишенишет алар
Айыл чарба министрлигин реформалоо жөнүндө айтуу менен, мекеменин кызматкерлеринин айлыктары тууралу айтпай кетсек туура болбой калат, себеби, азыркы абалда бир дагы билимдүү адис ал жерге иштегени барбайт. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков бөлүштү.
- Айыл чарба, билим берүү жана маданият министрликтеринде эң төмөнкү айлык акылар менен иштешет, - деди ал. - Башка мекемелерде да жогору эмес, бирок аларда түрдүү кошумчалары, кепилдиктер, камсыздандыруу жана башкалар бар. Буларда - эчтекеси жок. Анан кандай күчтүү команда тууралу сөз кылабыз?
Жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба министри Эркинбек Чодуев менен жолугушуп, эгер ал мекеменин структурасын оптимизацияоону камсыздаса, эффективдүү команданы түзсө жана бири-бирин кайталаган бөлүмдөрдү жоюп, багыттын талаптарын күчтөндүрсө сөзсүз саясий жактан колдоого сөз берди.
«Силердин алдыңарда заманбап агрардык технологияларды киргизүү боюнча, сугат жерлеринин өнүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн керек болгон шарттарды түзүү жана айылдыктарды колдоо сыяктуу өтө маанилүү тапшырмалар турат», -деп айтты өкмөт башчысы.
Төрөгул Бековдун пикиринде, премьер - министрдин айыл чарбасына көңүл бөлүп жаткандыгынын өзү эле - жакшы белги, себеби, бул тармак көптөн бери жаңыланууга муктаж болчу.
Бир начар жери, анын айткандары боюнча - маалыматтык - маркетинг - курамалары. Ата - мекендик азыктарды экспортко ийгиликтүү жөнөтүүдө, биздин коңшулардын кандай продукцияларга муктаждыгы бар экендигине, ошондой эле жарнамага, кайра иштетүүгө жана кутучалоого көңүлду буруу керек. Бул үчүн, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү зарыл.
Оптимизациялоого байланыштуу, бул жерде да эмнелер менен алектенүү керек, алардын үстүнөн иштесе болот. Мурдагы министр чоң басымды бул жерде мелиорацияга жасаш керек, суу чарба Департаментинин башчысын министрдин орун басарлык кызматынын деңгээлине чейин көтөрүү зарыл деп эсептейт.
- Андан тышкары, бизде министрликтин алдында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекция менен өсүмдүктөрдүн карантини Департаменти иштешет. Алар бири-бирин дээрлик кайталашат, ошондуктан, алардын функцияларын бөлүштүрүү зарыл, - деп сунуш берди Төрөгул Ниязович.
Башка мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов да оптимизациялоону колдойт, бирок ал «аша чаппаш керек» деп кеңеш берет.
- Бизде балакеттин баары, министрлердин өздөрүнүн оптимизациялары менен тез-тез алмашып тургандыгы, алардын бардыгынын оптималдуу түзүлүштөрдү таппай, кайра бузуп салышкандыгында, - деп ал Vesti.kg сайтына муңун айтты.
Мисалдардан бирин айталы: Бир департаментке бюджетти кыскартуудан улам жайыт, суу чарба жана мал чарбасындагы уруктандыруу маселелерин тейлеген бөлүмдөрдү бириктирип салышты. тескери жыйындык көпкө деле күттүргөн жок.
-Азыр болсо, алардын бири да иштебейт, -деп улантты Асанов. - Себеби, департаменттин башчысы кайсы адистикке жакын болсо, аны менен алектенип жатып, калган багыттар калып кетип жатат.
Ал 60-70 жылдан бери маалымат базасы жакшы сакталган жана алардын негизинде кандай гана абалда болбосун мекеме эң сонун сортторду сунуштай ала турган уруктарды экспертизалоо Департаменти менен уруктандыруу Лабораториясынын бириктирилишине да нараазы. А лаборатория болсо уруктардын сапатын аныктай берет эле дейт ал.
- Шалаакылык мамиле менен жасалган булардын эмне кереги бар эле? Мындай оптимизациялоонун чындап эле кереги жок, - деп жыйынтыктады мурдагы министр.
Ольга Федорчук
Фото www