6 пайыздык ипотека Кыргызстандын шартында реалдуу деп айтылды
Бирок, эгерде донорлордон жардам келе турган болсо гана. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү да суроо туудурат
6 пайыздык мамлекеттик ипотека - өлкө шартында реалдуу, бирок, мамлекеттик иотекалык компания мындай шартта өзүнүн маанисин жоготот. Мындай оюн Vesti.kg сайтына экономика боюнча эксперт Азамат Акенеев бөлүштү.
- Учурдагы ипотекалык кредиттөө бюджетке өтө чоң оорчулукту алып келет, - деп түшүндүрдү ал. Адатта кандайдыр бир өлчөмдөгү пайыз менен ипотекалык кредит берүү мультипликативдик натыйжа алып келип, бир эле суммага бир нече жарандарды кредиттөө мүмкүн. Бирок, эгерде пайыздык чендер өтө төмөн болсо, анда мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттен алган акчаны эч кандай кирешеси жок, кайра элге таратып жаткан болуп калып жатпайбы.
Серепчи, төмөнкү пайыздык чен жарандар үчүн ыңгайлуу, бирок, жеке компаниялар үчүн эмес ыңгайы жок, алар үчүн мындай шартта иштөөнүн кызыкчылыгы жоголот.
- Пайыздык ченди 6, ал эмес 1 деле кылып койсо болот, бирок, мындай учурда эч кандай өндүрүш жок болуп калат да, - дейт Акенеев. Муну анда МИК жок эле, административдик чыгымдарсыз - банктар аркылуу ишке ашырса болот да.
Мындан сырткары, төмөнкү пайыздык чен кредит алуучулардын саны алда канча чектелген болоорун түшүндүрөт, - деп белгиледи экономист.
Анын бул оюна экономика боюнча башка серепчи Искендер Шаршеев кошулду:
- Чектелген жарандарга - бир нече жүз кишиге 6 пайыз менен деле кредит берсе болот, - деп эсептейт ал. Бирок, бул тизмени көбөйтүш үчүн кошумча каражаттар талап кылынат. Алардын булактары азыр ачыктала элек. Ал эмес, мамлекеттик ипотекалык облигациялар туурасында да сөз болбоду беле.
Бирок, Кыргызстанда ири эл аралык банктардын пайда болушунунун да өзүнүн коркунучтары бар. Ипотекалык кредиттөөдө алар жергиликтүү банктардын атаандаштарына айланып, пайыздык ченди 2-3 пайызга ылдыйлатып жиберүүлөрү мүмкүн. Анткен менен,эксперттин ою боюнча бул жергиликтүү рынок үчүн өкүм эмес.
- Мен базарды «түшүрүп» жибергидей көп санда болот деп ойлобойм, - дейт Шаршеев. - Банктын кирешелер түзүмүндө ипотекалык кредиттер болгону 9-10 пайызды түзөт, андыктан, биздин банктарга бул көп деле зыянын тийгизбейт.
Ал эми экономика илимдеринин доктору профессор Төлөн Абдыров бул боюнча башкача пикирде. Ал Vesti.kg сайтына Мамлекеттик ипотекалык компания башынан аныктаган 14 пайыз - абсурд экенин айтты.
- Мен бул жөнүндө 3 жыл мурда эле айткан болчумун, - деп белгиледи экономист. Башка өлкөлөрдү,мисалы ипотеканы 6-8 пайыз менен берген ошол эле Орусияны мисал кылгам. Батышка, Европада бул көрсөткүч - 1, 5-2 пайыз. Кантип элдер 14 пайыз менен кредит алышат? 6 пайыз - биздин шарттарда эң туура. Эгерде ортомчулар жок болгондо 3 пайыз деле кылып койсо болмок.
Ортомчулар - бул өзгөчө маселе. Эксперт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын аппаратына жылына 100 млн сомго жакын акча каражаты кетет. Ал эми МИКнын каражаттарын баары бир ипотеканы берген банктар бөлүштүрүп алат…
- Акчаны дароо эле төмөнкү пайыздык чендер менен банктар аркылуу кредиттөөгө жиберүү оң эмеспи?
Баса, белгилей кетчү нерсе, төмөнкү пайыздык чендер сырттан келген финансылык жардамдын негизинде гана болушу мүмкүн экендигин Абдыров кошумчалады. 6 пайыз менен бериле турган ипотекага Кыргызстанга Германия акчалай жардам көрсөткөн.
- Донорлорсуз кыйын болмок, - деп кошулду ал. -Бирок, мындай социалдык жардам жарандарга негизи көрсөтүлүшү керек да. Мамлекет бул тармакта атайын бир саясат жүргүзүшү керек. Мисалы, төмөнкү пайыз менен кредит берген банктарды салыктан бошотуп же башкача жол менен сыйлап, кызыктырса да болоор эле.
12 -сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун төрагасы Элмира Абжапарованы кабыл алган. Ал ипотекалык кредиттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кредиттик чендерди ылдыйлатууну сунуштаган.
Абжапарова жакынкы арада МИК 6 пайыз менен кредит берип баштоону пландаштырып жатканын маалымдаган. Ошондой эле, учурдагы кредиттер боюнча пайыздык ченди 7 пайызга чейин төмөндөтүү мүмкүндүгү дагы каралып жатканы айтылган. Мунун бардыгы KFW немис банкынын грантынын аркасы менен ишке ашканы турат.
Эске салсак, Жээнбеков кыргызстандыктарга 6 пайыздык ипотекаларды 2018-жылдын сентябрь айында эле убадалаган эле.
«Ипотека бюджет кызматчыларына эле эмес, турак-жайга муктаж бардык үй-бүлөлөргө жеткиликтүү болот», — деп билдирген ал Кемин районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда.
2018-жылдын май айында МИК кредит алуу боюнча арыздарды кабыл алууну токтоткон, анткени, мамлекет тарабынан бөлүнгөн ссудалар толугу менен колдонулуп бүткөн. Июль айында компания 200 млн сомго ипотекалык облигацияларды чыгарган, бирок, күзгө чейин эле алардын эч кимди кызыктырбай турганы түшүнүктүү болгон. Депутат Аалы Карашев 13-сентябрдагы жыйында 2021-жылдын бюджетинде мамипотека үчүн каражат каралбаганын билдирген.
Ольга Федорчук
Фото www