Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асель Базарбаева: «Азыр намаз окубай калдым»

35 жаштагы Асель Базарбаеванын 5 баласы бар. Ал Казакстандын жараны. Кыргызстанга зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу боюнча өтүп жаткан эл аралык форумга катышуу үчүн келген

Форумда экстремизмге каршы күрөшүүдө адамдардын тажрыйбалары жана анчалык ийгиликтүү болбосо да окуялар мнен мисалдар айтылып, аны кийинкиде сабак болуусу үчүн үйрөнүп,билип алуу талкуулары жүрүп жатат.

Асель Базарбаеванын тагдыры улутуна,жашына жана дин ишенимине карабай көпчүлүк аял затына сабак боло алат.
2002-жылы Асель 19 жашында намазга жыгылат. Ислам динин түшүндүрүп,намазга жыгылууга алып келгендер Асельди, тилекке каршы, диндин салттуу эмес ханафий мазхаб багытына ишендиришет. Диндин агымдары менен багыттарын түшүнбөгөн жаш кыз өзүнөн бир топ жаш улуу адамга турмушка чыгат.
«Азыр ойлосом, күйөөм менен жашаган 10 жыл ичинде мени курчагандардын баарынан себепсиз тил угуп,зомбулукка кабылып,басынтуу,шылдыңдоонун гана алдында жүргөн экенмин»-деп эскерет 18 жыл мурунку жашоосун эстеген Асель.

«Кайненем мага күн көрсөтпөй койду.Ошол басынтуулар менен зомбулуктарга карабай жашоо ушундай болот окшойт деп ойлоптурмун. Азыр карасам, менин адам катары укуктарым ошондо катуу тебелениптир»-деди ал оор үшкүрүнүп.

Уруш-жаңжалдардын натыйжасында менин каарманым үй-бүлөсү менен Казакстандын башка шаарына көчүп кетет. Ал жакта, намаз окууну үйрөткөндөргө жолугуп калат. Ал жигиттер ханафий мазхабтан да ары кетип, диндин туура эмес багытына дагы тереңдеп кетишкен болот. Ал багытты Асель салттуу эмес саллафий адет деп атала тургандыгын айтты. Кызыктын баары ошол мезгилде башталат. Ал адамдар Асельди күйөөсү менен кошо өз жамаатына кошуп, бала-чаканы бакканга каражаты жок, жаңы көчүп келген жаш үй-бүлөгө социалдык жактан жардам көрсөтүп,колдошот. Ал эле эмес,Казакстандын ошол шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгондорго аз пайызы менен насыя берип колдомуш этишет.
Салафисттер-диниий ишенимдери боюнча салттуу эмес динчилдер тобу. Бардык адамдар алар үчүн каапырлар.Каапырларга аттанганда арасында ата-энеси болсо дай аяшпайт дейт Асель.

Казакстандын Чымкентинде саллафисттердин жеке жабык медресеси болгон.Ага 1 айдан 3 айга чейин 50дөн ашык алданып алынып келинген адамдар,өзгөчө жаштар жана өспүрүмдөр ататйын окуудан өтүп,кийинчерээк Сирия жана Иракка согушка жиберилчү дейт Асель Базарбаева.
Саллафиттер тобу Казакстанда Ислам халифатын орнотобуз деп, ал үчүн 2 ири соода борборун жардырууга даярданышкан. Алардын арасында Асельдин күйөөсү да бар болчу.

«Ошол жылдары Чечняда согуш күчөп турган мезгил эле. Менин күйөөмдү джихадка Чечняга барасың дешиптир. Керек болсо ата-энелерибизди өлтүргөндөн кайра тартпайбыз деп айткандарын угуп,мен жүрөгүм менен сезип, бул багыт туура эмес экендигин туйдум»-дейт Асель. Жүрөгү жамандыкты сезген Асель күйөөсүн ишендирип Көкшетауга көчүүгө аргасыз болот.
Жаңы көчүп барган үй-бүлө дароо ишке орношо албай, бала-чаканы багууда абдан кыйналат. «Ошондо күйөөмө мен да сага жардам берип акча табам деп 3 жумушта иштегем»-дейт Асель.

Өмүрлүк жолдошу ооруп калып үйдө балдарын карап отурганда Асель күндүзү пол жууп,түндөсү такси айдап,жүргүнчү ташыйт элем дейт. «Башыма жолугумду ороп такси айдап жүрсөм мени таң калып карап, көптөгөн ыңгайсыз суроолорду беришчү»-деп эскерет Асель.
Жоолук байлап,түндөсү такси айдап акча тапканымы көпчүлүк жактырбаса,жоолугумду баары сурап таң калышса,менин айымдан бүтүндөй ислам динине сөз тийип атат деп жолукту чечип,кепка кийип жүрдүм дейт Асель.

«Пол жууган жеримде мени пол жуучу кызматкер катары катташ үчүн документтеримди сурады.Алып бардым. Психолог деген дипломум бар социалдык кызматкер элем. Бир ай пол жууганымдан кийин мени ошол ишканага социалдык кызматкер катары ишке алышты. Дагы бир нече убакыт өткөн соң, «Сана»деген коомдук бирикменин жетекчиси депутат болуп чоңоюп кетип,ордуна директор болуу сунушу мага айтылды.Ошентип мен бүтүндөй Казакстан тааныган коомдук бирикменин жетекчиси болуп калдым»-дейт Асель.

Анын айтымында чоң ата,чоң эненин колунда эрке өскөн күйөөсү эртели-кеч үйдө жатып,3 айдын ичинде пол жуугучтан директорлукка көтөрүлгөн Асельге кызганычтын, көрөалбстыктын айынан кол көтөрүп ура баштаган.Бир күнү Аселдин атасы кызынан кабар алганы кокус келип калып,ур-токмок жеп көздөрү көгөрүп, азып кеткен кызын көрүп, ажыраштырып алып кетип калат.2011-жылы күйөөсү менен ажырашып, балдарын атасынын үйүндө багып ,иштеп жүргөн Асельге Казакстандын улуттук комитети тарабынан Сирияда жүргөн казакстандыктар менен сүйлөшүп, аларды кайтарууда жардам көрсөтүү сунушу түшөт.
Сирия менен Ирактагы согуш талааларында жүргөн үй-бүлөлөр менен сүйлөшүш үчүн 2015-жылы Асель Базарбаева Түркия мамлекетине учуп кетет. Мурда сүйлөшүлгөн котормочу ооруп калып, ордуна Давид аттуу грузин улутундагы жигит келет. Давид христиан дининен исламга өтүп, диний агымдардын салттуу,туурасын биле албай жүргөн маалда Асельге жолугуп калганын айтып,түшүнбөгөн суроолоруна жооп ала баштайт.Тагдыры окшош адамдар Сирияга барып, кайта албай кыйналып жүргөндөргө жардам беришет.

Казакстанга кайтып келе берген Асельдин артынан эки жумадан кийин Давид келип, үйлөнүүгө даяр экенин билдирет.
«Төрт бала менен да турмушка чыгабы деп Давидке Казакстандын кооз жерлерин көрсөтүп, таксиге салып Түркияга узатып койгом. Эки күндөн кийин жакшы жетип алдыңбы деп интернеттен жазсам «Мен Казакстандан кеткен жокмун»-дейт. Ошол бойдон Казакстанда кала берди.Экөөбүз нике кыйдырып,үйлөндүк. Колумдагы эки айлык уулум бешинчи балам»-деп жылмайды Асель.

Асель Базарбаеванын көздөрүнөн бактылуулук сезилип турат. «Азыр уулум менен үйдө элемин. Күйөөм болсо электр буюмдарын оңдогон уста. Төрт балам өз атасы менен сүйлөшүп көрүшүп турушат. Башыман көп нерсени өткөрдүм. Ханафий мазхаб, салафиттер, элди капыр катары көргөн джихадчылар,күйөөдөн зордук-зомбулук көрүү, жакырчылык, жокчулук, пол жуугуч, социалдык кызматкер, уюмдун жетекчиси, себепсиз токмок жеп көгөргөн көздөр, атамдын өлүмү,Түркияга барып Сириядагыларды кайра өлкөбүзгө кайтаруу, кемчиликтерди артыкчылыкка айландыруу. Мунун баары артта калды. Азыр 5 убак намаз окубайм. Адам өзү ак ниети менен Кудай Таалага кайрылгысы келип,суранып,тиленип намаз окуш керек деп эсептейм. Көпчүлүк адамдар бирөөнүн айтуусу менен,жакындары таңуулагандан кийин, робот-автоматтай болуп, каалабай турса да,даяр эмес болсо да намаз окуганга милдеттүү болуп окушат. Мен азыр намаз окуганга даяр эмесмин. Дин-бул адам менен Алла Тааланын ортосундагы бир жан билгис сыр бойдон калыш керек»-деп сөзүн аяктады Асель.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх