Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу: «Мындай вариант Кытай үчүн аз пайдалуу жана биз үчүн таптакыр пайдасыз»

Өзбекстан трансконтиненталдык магистралды кантип өзүнө пайдалуу кылып алат?

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу Кыргызстанды мындай коёлу, Кытай үчүн да Европага товар жеткирүү үчүн пайдасыз. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт Азамат Такырбашев билдирди.

Кытай Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы аймагына геосаясий себептерден улам токтолуп отурган жери жок деп ишенет ал.

- Бул варианттын Кытайга алып келчү пайдасы аз жана Кыргызстан үчүн таптакыр эле пайдасы жок, - деп түшүндүрөт эксперт. - Өтө эле кымбат жана өзүн өзү акташы күмөн. Мындай жол менен КЭР орусиялык жана казакстандык жолдорго атаандаштыкты түзүп алат. Алтургай Эркештам тараптан бир бутагын чыгарган күндө да. Муну Кыргызстан президент Аскар Акаевдун тушунда эле Торугартты тандап алган. Такырбашев казактардын Достук жана Хоргос сызыгы 2 миллион тоннадан ашык жүктү өткөрө алат, бирок азыр араң эле 10-15 тоннага жеткендигин көрсөтөт. Бул деген коңшу өлкө бизге өзүнүн товар агымынын бир бөлүгүн жаңы жолубуз үчүн бербейт дегенди билдирет. Орусиянын Транссибирь магистралы тууралуу да ушундай ойду айтсак жарашат.

Орто Азиянын инфраструктуралык өнүгүшү боюнча эксперт Кубат Рахимов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде маселенин башка жагын көрсөтөт. Ал Азия – Европа жүктовар ташуу маселеси боюнча өзүнүн көз карашын билдирип жатып үч континенталдык көпүрөнү көрсөтөт. Алардын ар биринин өз кызматы бар, ал эми экинчиси анын ордун алмаштырып турат: биринчиси ошол Транссибирь магистралы, экинчиси болсо жалгыз эмес, Казакстандагы эки багытта кеткен темир жол - түндүктө Достук жана өлкөнүн түштүгүндө Хоргос. Ал эми үчүнчү көпүрө кудум ушул Кыргызстан аркылуу Ферганага түшө турган темир жол бутагы, ал эми Өзбекстан аркылуу Түркия жана Иранга же азыркы убакта иштеп жаткан трансафган темир жолуна кетет.
Ошондуктан биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өтөт турган темир жол жана «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» сызыгынын ишке кириши менен Казакстанга өтчү жүк агымынын азайышы - бул экинчи континенталдык көпүрөнүн жаркыраган келечегин уурдоо эмес, деп белгилейт эксперт.
Казакстандын жакынкы убакта товардын көп агымын кабыл ала албай калышы Орто Азиянын артта калгандыгынан эмес дейт Рахимов. Азыркы Балтика деңизиндегидей «тыгын» Европанын өзүндө пайда болмок - ошол эле Брестте. Ошондуктан темир жол ашыкчалык кылбайт, деп ишенет ал.
- Бирок бул темир жолду куруу үчүн каржылык жана геосаясий маселелер чечилиши керек, анткени техникалык жагы чечилип бүткөн, - деп белгиледи эксперт. - Башкача айтканда, эки маселе бар: банкетти кимдин эсебинен өткөрүү керек? Геосаясий карама каршылыктарды кантип жоюу керек?

Рахимов Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү тышкы карызы куруучуга мамлекеттик кепилдик берүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бул чоң долбоордун ишке ашуусу үчүн эл аралык консорциум түзүүнү сунуштайт транспорттук инфраструктура боюнча эксперт .

Өзбекстан, анын оюнча, куруучуга 50 пайыздан кем эмес мамлекеттик кепилдигин берүүсү керек. Кыргызстан болсо инфраструктураны даярдоо менен алектенген мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү сунуш кылып 10-15 пайыз акция га ээ болсо болмок.

Ошондой эле КЭР, Түркия, Иран жана Орусия менен катар эле бул прпоектте эл аралык каржылык уюмдар катышса болмок, деп ой жүгүртөт Рахимов.

Анын үстүнө Өзбекстан ушундай жоопкерчиликти өзүнө алып жаткан соң, аны өзүн өзү актата турган кылмак, деп кайталайт ал. Анткени Кыргызстандын товары менен аны толтура албайсың, алар жетиштүү санда эмес.

Ал эми геосаясий карама каршылыктарды жок кылуу үчүн сүйлөшүүлөргө ушул манистралга кызыкчылыгы боло турган башка мамлекеттерди да тартуу зарыл: мисалы, Орусия жана Казакстан, деп эсептейт Рахимов.

- Муну бүжүңдөбөй, кеңири талкуулаш керек, - дейт ал. Бул багыт Орусия Федерациясынын кызыкчылыгына таасирин тийгизет. Орусия бул аймакта кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоону каалайт, ага Өзбекстан ЕАЭБ киргенде жетишмек. Бул көп маселени жеңилдетмек. Бирок азырынча кыялданаганга болот, ошондуктан ККӨТЖ долбоору боюнча азыр Өзбекстан тараптан мамлекеттик кепилдик тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү маанилүү.

Кубат Рахимдин ою боюнча, Бишкекте саясат, каржы, геосаясат, экономикалык география жана башка жаатындагы адистерди катыштырып эл аралык жыйын өткөрүү мезгили келип жетти.

- Бул жолдун курулушун же курулбашын аныкташ керек, - деп түшүндүрөт ал.

Кыскасы Азамат Такырбашев президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон акыркы сапарынан кийин тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө ыктап жатышкандыгын жана мурдагы курулуш боюнча милдетти толугу менен КЭР жүктөп, кийин кендерди берүү аркылуу эсептешүүнүн ордуна эл аралык консорциум өткөрүүнү каалагандыгын билдирген.

- Ал вариантты Кытай менен иттин жүнүнөн да калың катнашта болгон премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да четке каккан, - деп эскертти эксперт. - Бирок азыр бир нерсе шек жаратат: эмне үчүн «Кыргыз Темир Жолу» былтыр жолдун курулушун шашшылыш түрдө жашыруун кылып койду? Жашыра турган бирдеме барбы?

Анын ою боюнча, Кыргызстан үчүн темир жолдун өлкө ичиндеги тармагын өнүктүрүү пайдалуу.

- Бизде «Балыкчи – Кара-Кече» темир жолунун долбоору, колдо бар жолдорду жаңылоо жана аларды электрлештирүү долбоорлору бар, - дейт Такырбашев. - Бирок биз баарын таштап салдык. Бир метр жол курулган да, жаңыланган да жана электрлешкен да жок.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх