Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Процесстик келишим УКТ менен күрөшүүдө жардам берет

  • 1323 жолу кароо

Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодексине көп ийкемдүүлүктөрдү бере турган процесстик келишим институту киргизилди

Процесстик келишим – прокурор менен шектелүүчүнүн, айыпкердин, жабырлануучу тарабынан айыпталган шектүүнүн ортосунда түзүлгөн келишим.

Процесстик келишим туурасында укуктук эксперт Аслан Кулбаев түшүндүрүп берет.

Анын айтуусунда, КР жаңы ЖПК процесстик келишимдин үч түрүн өзүнө камтыйт:

1) процесстик кызматташуу;

2) күнөөсүн моюнга алуу тууралуу келишим;

3) тараптардын жарашуусу тууралуу келишим.

Соттук тажрыйбада сот өндүрүшүнүн бул формасы Россия менен салыштырмалуу абдан сейрек колдонулат (соттор тарабынан каралган жалпы жазык иштеринин  2% азыраагы), ал жакта соттордо күнөөсүн моюнга алууга окшош институт боюнча 60% дан ашык жазык иштери жөнөкөйлөтүлгөн (өзгөчө) тартипте каралат. Тажрыйбаларда колдонулбагандыгынын негизги себеби – укуктук жөнгө салуунун жетишсиздигинде.

Күнөөсүн моюнга алуу тууралуу процесстик келишим

Күнөөсүн моюнга алуу тууралуу келишимдин максаты болуп сот өндүрүшүнүн процесстик жөнөкөйлөтүлүшү, тергөө жана сот органдарынын ишин жеңилдетүү, процесстин жүрүшүндөгү чыгашаларды азайтуу, ошондой эле айыпкердин негизсиз жолтоолор жок соттолуучу болуу жана минималдуу жаза алуу укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу болуп саналат.

КР ЖПК 487-беренесине ылайык, күнөөсүн моюнга алуу тууралуу процесстик келишим анча оор эмес жана оор жазык иштери боюнча гана жана күнөөсүн моюнга алуу тууралуу келишим түзүү жөнүндөгү өтүнүч берген шектелүүчүнүн (айыпкердин) демилгеси боюнча гана колдонулушу мүмкүн.  Шектелүүчү (айыпкер) өтүнүчтү шектелгендиги тууралуу билдирүүнү алган учурдан тартып жана соттук териштирүүлөр аяктаганга чейинки убакта берүүгө укуктуу. Күнөөсүн моюнга алуу тууралуу келишимдин шарттары төмөндөгүдөй:

  • шектелүүчү, айыпкер жашы жеткен болсо, жана өзү берген өтүнүчтүн мүнөзүн жана таасирлерин так түшүнсө;
  • өтүнүч өз каалоосу менен жана коргоочу менен кеңешкенден соң берилсе.

Эске сала кетсек, КР ЖПК  52-беренесинин 1-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык, эгер шектелүүчү процесстик келишим тууралуу өтүнүч берген болсо, жазык иштери боюнча коргоочу милдеттүү түрдө катышуусу керек. Коргоочу өзү коргоого алып жаткан адамга укуктук таасирлер боюнча түшүндүрүүсү керек, атап айтканда: күнөөсүн моюнга алуу тууралуу келишим түзүү айыпкерди жабырлануучуга келтирилген чыгымды төлөп берүүдөн куткаруу үчүн негиз болуп саналбайт; өкүмдү даттанууга анын укуктары чектелет; айыпкерден процесстик чыгымдарды төлөтүп алуу мүмкүн эмес ж.б.;

  • шектелүүчү, айыпкер шектенүүнү, айыптоону жана кылмыш жасоодо ишке тиешелүү далилдерди, аларга келтирилген зыяндардын мүнөзүн жана көлөмүн жокко чыгарбайт. Күнөөсүн моюнга алуу тууралуу келишимди түзүүгө болбой турган учурлар:
  • Акыл-эси ордунда эмес болгон учурда жазык мыйзамдары тарабынан тыюу салынган иштерди жасаган же кызмыш жасагандан соң психикалык жактан жабыркап ооруган адамдар менен;
  • кылмыштардын топтомдору боюнча, эгер алардын бирөөсү эле өзгөчө оор кылмыштарга тиешелүү болсо.

КР ЖПК 491-беренесинин 4-пунктундагы жоболордогу маанилүү жазылыштарга көңүл бурууну белгилей кетүү керек: «Ошол эле учурда айыпкер тарабынан күнөөнү моюнга алуу өкүмдүн негизи болбошу керек жана башка далилдер менен биргеликте бааланышы керек».

Бул норма айыпсыз деп болжолдоо принцибинен келип чыккан айыпкердин укуктарын кепилдейт, бул өз кезегинде сотто айып тагууга жетишерлик болгон далилдерди бардык учурларда чогултууда тергөөчүнүн, прокурордун милдеттерин кеңейтет.

Кызматташуу тууралуу процесстик келишим

Кызматташуу тууралуу келишимдин максаты уюшкан жана башка коркунучтуу кылмыштарды алдын алуу каражаттарын кеңейтүү жана аларды териштирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. КР ЖПК 492-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, кызматташуу тууралуу келишим өтүнүч арызын берген айыпкердин демилгеси боюнча гана түзүлүшү мүмкүн. 

КР ЖПК кызматташуу тууралуу келишим түзүүгө боло турган, Жазык кодексинде каралган конкреттүү кылмыштардын так тизмесин камтыйт:

  • 171-берене. Адам сатуу
  • 202-берене. Каракчылык
  • 203-берене. Коркутуп-үркүтүү менен талап коюу
  • 239-берене. Террористтик акт
  • 240-берене. Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо
  • 241-берене. Террористтик иш-аракеттерге көмөк көрсөтүү
  • 243-берене. КР жаранынын башка мамлекеттердин аймагындагы куралдуу чыр-чатактарга катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү
  • 244-берене. Барымтага алуу
  • 248-берене. Уюшкан топторду түзүү же ага катышуу
  • 249-берене. Кылмыштуу уюмдарды түзүү же ага катышуу
  • 250-берене. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү түзүү же ага катышуу
  • 267-берене. Сатуу максатында банги заттарын, акыл-эске таасир этүүчү заттарды жана аларга окшош заттарды мыйзамсыз даярдоо
  • 270-берене. КР бажы чек аралары аркылуу өткөрүүнүн атайын белгиленген эрежелерине баш ийбестен буюм-тайымды аткезчилик жол менен ташуу
  • 307-берене. Мамлекеттик чыккынчылык
  • 308-берене. Тыңчылык
  • 314-берене. Экстремисттик уюмдарды түзүү
  • 319-берене. Коррупция
  • 326-берене. Пара талап кылуу

Эгерде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө шектүү адамдын өзүнүн кылмыштык иш-аракеттерге катышуусу тууралуу маалыматтары билдирүүлөрдө гана камтылса, кызматташуу тууралуу келишим колдонулбай тургандыгын билүү маанилүү (ЖПК 493-бер. 3-б.).

Кызматташуу тууралуу келишим түзүлүшү мүмкүн эмес:

 1) жашы жете электер менен;

2) Акыл-эси ордунда эмес болгон учурда жазык мыйзамдары тарабынан тыюу салынган иштерди жасаган же кызмыш жасагандан соң психикалык жактан жабыркап ооруган адамдар менен;

Кызматташуу тууралуу процесстик келишимди түзүү шектелүүчүнү жабырлануучуга келтирилген чыгымды төлөп берүүдөн куткаруу үчүн негиз болуп саналбайт.

Кызматташуу тууралуу келишим түзгөн шектүүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралган учурларда тергөөчү анын жакын туугандарына, күйөөсүнө же аялына (аялы-күйөөсүнө) документтердин конвертте чапталган абалда сактоо тууралуу чечимин чыгарат. Андан тышкары, кызматташуу тууралуу келишим түзгөн шектелүүчүгө же айыпкерге жабырлануучуларды, тергөөчүлөрдү жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларын коргоо жөнүндө мыйзамда каралган тартипте жабырлануучуларды, тергөөчүлөрдү жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларын мамлекеттик коргоонун бардык чаралары жайылтылат.

Кызматташуу тууралуу келишим түзгөн шектүүнүн же айыпкердин коопсуздугун касыздоо зарыл болгон учурда, анын жакын туугандарына, аялын же күйөөсүнө (аялы-күйөөсүнө) КР ЖПК  80-беренесинде (ЖПК 498-берене) каралган тартипте тергөөчү тарабынан коопсуздук чаралары көрүлөт.

Тараптардын жарашуусу тууралуу процесстик келишим

КР ЖПК 60-главасында каралган тараптардын жарашуусу тууралуу процесстик келишим жабырлануучунун шектүү, айыпкер менен жарашууга болгон укуктарын процесстик ыкма менен ишке ашыруу болуп эсептелет.

Жазык өндүрүшүнүн дээрлик бардык стадияларында жабырлануучу шектелүүчү, айыпкер менен жарашуу жана жарашуу тууралуу келишим түзүү укугуна ээ. Жарашуу тууралуу өтүнүч жабырлануучу тарабынан эле эмес, шектелүүчү же айыпкер тарабынан да берилиши мүмкүн. Жарашуу жабырлануучу, шектүү же айыпкерлердин өздөрү тарабынан же болбосо медиатордун жардамы менен болушу мүмкүн. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө шектенүү үчүн негиз берген жетишерлик далилдер болгондо гана шектенүү жана айыптоо акттары тууралуу билдирүү түзүлөт.  

КР ЖПК 499- беренеси жана 23-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, жабырлануучу менен шектүүнүн, айыпкердин ортосундагы жарашуу жоруктар жөнүндө иштер боюнча жана кылмыштар жөнүндө иштер боюнча түзүлүшү мүмкүн, алар буларда каралган:

  • ЖК 132-беренеси «Зарыл болгон коргонуу чектеринен ашып же болбосо кылмыш жасаган аламды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып киши өлтүрүү»;
  • ЖК 135-беренесинин 1-бөлүгү «Байкабастыктан улам өлүмгө алып келүү»;
  • ЖК 139-беренесинин 1-бөлүгү «Ден-соолугуна анча оор эмес залал келтирүү»;
  • ЖК 140-беренеси «Зарыл болгон коргонуу чегинен чыгып ден-соолугуна оор залал келтирүү, ошондой эле кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгуу»;
  • ЖК 141-беренеси «Акыл-эси ордунда болбогон абалда ден-соолугуна оор залал келтирүү»;
  • ЖК 142-беренеси «Байкабастыктан улам ден-соолугуна оор залал келтирүү»;
  • ЖК 161-беренесинин 1-бөлүгү «Зордуктоо»;
  • ЖК 163-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерге мажбурлоо»;
  • ЖК 172-беренесинин 1-бөлүгү «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу»;
  • ЖК 200-беренесинин 1-бөлүгү «Уурулук»
  • ЖК 201-беренесинин 1-бөлүгү «Тоноо»
  • ЖК 202-беренесинин 1-бөлүгү «Каракчылык»
  • ЖК 203-беренесинин 1-бөлүгү «Коркутуп-үркүтүү менен талап коюу»;
  • ЖК 204-беренесинин 1-бөлүгү «Алдамчылык»;
  • ЖК 205-беренесинин 1-бөлүгү «Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу»;
  • ЖК  206-беренесинин 1-бөлүгү «Автомототранспорт каражатын уурдап качуу»;
  • ЖК 209-беренесинин 1-бөлүгү «Алдоо жолу же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү»;
  • ЖК  210-беренесинин 1-бөлүгү «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо»;
  • ЖК 266-беренесинин 1-бөлүгү «Бейбаштык»;
  • ЖК 296-беренеси «Темир жол, аба жана суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу»;
  • ЖК 297-беренеси «Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу».

Жарашуу тууралуу келишим түзүүгө жетишилген адамдын (адамдардын) иши токтотулууга тийиш. Эгер бир кылмыш ишинде жана (же) жорукта бир нече жабырлануучу катышып жатса, анда жарашуу тууралуу келишим жабырлануучулардын бардыгы менен түзүлөт жана бекитилет. Эгерде ар кандай кылмыш иштери жана (же) жоруктар боюнча бир нече жабырлануучу катышып жатса жана бардык жабырлануучулар тарабынан жарашуу тууралуу келишим түзүүгө байланыштуу макулдук берилбесе,  анда мындай келишим жабырлануучулардын  бирөөсү (бир нече) менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу тууралуу келишим түзүлгөн учурда адамга (адамдарга) тиешелүү иш токтотулат.

Жаңы ЖПК иштеп чыгуучулардын божомолунда процесстик келишим чыр-чатактарды чечүүдө процесстин катышуучуларынын ортосундагы социалдык чыңалууну азайтат. Ошондой эле бул келишим сот органдарына жүктөлгөн иштердин азайышына шарт түзөт. 

Аслан Кулбаев

Ой-пикир кошуңуз


Наверх