Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кыргыз-орус биргелешкен согуш тууралуу тасма тартылууда

Тасма 1942-жылы Ржевде курман болгон кыргызстандык Мендеш  Өмүралиев жөнүндө баяндайт

Бишкектин чет жакасында кыргыз-орус биргелешкен «Мендештин кайтып келиши» аттуу көркөм тасма тартылып жатат.

Тасманын окуясы Улуу Ата Мекендик согуштун чыныгы окуяларына — 1942-жылдагы Ржев салгылашына негизделген. Башкы каармандар — тагдырдын жазмышы менен өткөнгө түшүп калган заманбап блогер жана кыргызстандык жоокер Мендеш Өмүралиев.

«Мендештин кайтып келиши» — бул согуштук драма жана фэнтези жанрындагы көркөм тасма. Уюштуруучулардын айтымында, бул — тагдыр, эрдик, курмандык жана Мекенге кайтып келүү тууралуу таң калычтуу окуя. Мендеш  Өмүралиев — чыныгы адам эле, ошол эле учурда 1942-жылы Ржевде курман болгон бардык кыргызстандык жоокерлердин жыйнактык образы да болуп эсептелет.

Кыргызстандык жоокердин үй-бүлөсүнө Улуу Ата Мекендик согуш маалында эле «кабар каты» келгенине карабай, анын кайда курман болгону узак убакыт белгисиз болуп келген. Анын сөөгүн 2013-жылы Ржевдин чет жакасынан издөөлөр тобу таап, көпкө чейин тааныбай жүрүшүп, акыры 2016-жылы Талас облусунда жерге берилген.

Тасма үч өлкөдө — Беларусь, Россия жана Кыргызстанда тартылды. Өндүрүүчүлөр — Орусиянын «Жеңиш эстелиги» фонду жана «Реверсия» киностудиясы. Тасманын режиссеру — Павел Игнатов. Башкы продюсер — Светлана Гордеева.

 

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков белгилегендей, «Мендештин  кайтып келиши» — бул «Ким элек, кимбиз жана кайда баратабыз?» деген суроолорго жооп берген тасма.

«Көрүүчү бул суроолорго экрандагы каармандардын тагдыры аркылуу жооп алат. Тасма вице-премьер-министр, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашууда», — деди ал.

Тасма тартууга жалпысынан 300гө жакын адам катышууда, алардын 80ден ашыгы — кыргызстандык тартуу тобунун мүчөлөрү. Сюжетке ылайык, тартуу локациялары үч өлкөдөн — Россиядан, Беларусиядан жана Кыргызстандан тандалды. Бишкектин четинде башталган тартуулар андан ары Талас облусунда, Мендеш Өмүралиевдин кичи мекенинде уланмакчы.

«Тасманын премьерасы жакынкы жарым жылда болуп өтөт», — деп билдирди тасманын башкы продюсери Людмила Кукоба.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх