Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#автордукракурс. Орусиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү абалды курчутпоону сунуштады

Орус мамлекетинин башчысы аракеттеги президент Сооронбай Жээнбековго жеке каршылык көрсөтүп жаткандыгын талкуулоо боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту

Кой-Ташты коргоо бир топ узарып, Атамбаевдин ар күнү жасаган билдирүүлөрү жайдын ансыз дагы ысык аптабынын температурасын көтөрүп жатканда, курчуган абал бир солгундай баштагандай. Мына ушундай ийгиликтери менен мурдагы президент парламенттик шайлоолорго чейин жетип барчудай көрүнгөн. Ызы-чуулуу маалыматтар жана анын чачырап кетүүчү мүнөзү кошулуп,  сөзсүз,  аны ошол мөөнөткө чейин жеткирмек.

Чегине жеткен абалдын ортомчусу катары Владимир Путин ортого чыкты. Абалдын чындыгында курч экендигин тастыктаган факт, бул араздашууну  жөнгө салууга Кремлдин башчысынын киришкендиги. Жөнөкөйлөтүп айтсак, Кыргызстандагы азыркы бийликтин колунда конкуренттүү аргументтердин, ресурстардын, жана, эң башкысы, Алмазбек Атамбаевди тынчтандырганга, чечкиндүүлүктүн жоктугу.

Жардам суроонун дагы бир башка амалы табылды -орусиянын президентинин өзүнүн мурдагы кесиптешине таасири аркылуу.

Биздин эсибизден кете элек, Атамбаев Путинди өзүнүн досу катары санайт. Бирок, орусиянын лидери менен жолугушкандан кийин, анын алгачкы эле сөздөрү, Алмазбек Шаршеновичтин бул достукка болгон өзүнүн гана өзгөчө мамилеси экендигин көрсөттү.

Ошончолук да болобу, жолугушуунун жыйынтыктары, анын өзү сүйлөгөн сөздөр менен орусиянын президентинин сүйлөгөндөрү бири-бирине карама – каршы. Ошол эле учурда, Атамбаев менен анын сүйлөшүүлөрүнө келсек,  Владимир Путинге ишенбей коюу мүмкүнчүлүгүбүз жокко эсе.  

Орусиянын президенти мурдагы кесиптешин, Кыргызстан буга чейин эле эки жолу ички саясий козголоңдорду башынан өткөргөндүгүн, анын көз карашында, өлкө элдеринин кызыкчылыктарынын так өзүн эске салуу менен, өлкөдөгү туруктуулукту карманууга  чакырды.

Өз кезегинде  Алмазбек Атамбаев, өлкө өзүнүн ички көйгөйлөрүн өзү чечет деп билдирди. Андан кийин, ошол эле замат, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго кайра эле өз талаптарын коюп баштады: парламенттик шайлоолорго тынч даярданууга мүмкүнчүлүк беришин, соттордун ишинин обьективдүү каралаышын жана оппозиционерлерге куугунтук жасабоону.

Же болбосо, Владимир Путин менен жолугушуу эч качан болбогондой? Же жолугушуу болгон, бирок, аны Атамбаев Москвадагы сүйлөшүүлөр Кремлдин аны колдогондугу катары көрсөтүп, өз максаттарына жетүү үчүн колдонгон. Бул ой-жоруулардын канчалык чындыгы бар, мурдагы президенттин бабаларынын айылындагы активдүүлүк басаңдайбы же жокпу, алдыдагы бир канча күндө билинер.

Ошол эле учурда айтып коелу, Путин менен Атамбаевдин жолугушуусунун уюштуруу схемасын, же Канттагы авиабазага Алмазбек Атамбаевге келген жеке менчик учакты  эске алсак, өтө кызык бир абалды аңдасак болот: анын эч кимге кулак салбагандыгы кыргызстандын мурдагы президентине эмнелер менен башына алып келиши мүмкүн?  Себеби, орусиянын президенти менен жолугушуу – бардык аргументтерин таразалап туруп гана, өтүү мүмкүн болгон өзгөчөлөнгөн сызык эле го.

Кремлдин башчысы ачык айтты, ал өлкөдөгү легитимдүү бийликти гана колдойт, бул, демек, аракеттеги президентти колдоймун дегендик. Араздашуунун жөнөкөй эместигин Владимир Путин, мурдагы ички саясий өзгөрүүлөр менен салыштырып баалаган. Же башка сөздөр менен айтсак, орусиянын президенти Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин ортосундага карама-каршылыктар канчалык алыска барары тууралу өзү ушунчалык жакшы түшүнгөндүгүн билдирди.  

Орусия араздашуунун так эскалациясынан четтегенди каалайт, себеби,  аймактагы абал кандай гана курчубасын, андайлардын биринин да аларга кереги жок. Андайларга коркунучту жоготуу үчүн күч менен каражат керектелет, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн убакыт талап кылынат, бирок, эң башкысы, кандай туруксуздук болбосун – Борбор Азия аймагындагы анын оппоненттерине алардын позициясын ал жерде орнотууга ачылган шанс катары болот.

Орусиянын кызыкчылыгы так ушул жерде, ошондуктан эки президент, азыркы жана мурдагы, эгер элдешпесе да, бири –бири менен эсептешпей коюшу шарт. Муну жасабаш керек деген сунуш Кремлде мурда да айтылган, бирок, болуп өткөндөр кандай болуп кетти – чындыгында эле суранычпы, ынандыруубу же эскертүүбү, сүйлөшүүлөрдүн шарттары  бузулуп кетсе, ошондон кийин гана белгилүү боло тургандай.

Жөнөкөйлөтүп айтсак,  эгер Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго мындан ары да каршылык көрсөтө берсе,  анда ал ва-банкка барган болот, бирок, андан кийин, ага артка жол жабылат.

Бул абалда, өлкөдө сот адилеттиги жок, оппозиционерлерди саясий куугунтуктоо жөнүндөгү аргументтер четте калат. Өлкөдөгү туруксуздуктун коркунучу өз алдынча боломун деген саясатчынын амбициясынан ашып өтүп, аны тынчытуу үчүн чаралар толугу менен колдонула баштайт, ошол эле учурда Кремлде да.

Мындай учурда мурдагы президенттен кол тийбестикти ажыратуу, аны депутаттардын колуна салып бергендей болот. Мурдагы өлкө башчысынын дарегине  күнөөлөр үйүлүп, парламентарийлердин жасаган аракеттери туура болгондугу тастыкталат.

Бирок, бул сценарийдин эмоционалдык өнүгүшү, себеби,  анын юридикалык аргументтери да бар. Алардын бири – Алмазбек Атамбаевден мурдагы президент статусун алып салуунун тууралыгы жөнүндө Конституциялык палата өз баасын билдире элек.

Эгерде өкүм мамлекеттин мурдагы башчысынын пайдасына чечилсе, анда анын өз абалын талашууга башка жүйөлөрдү пайда кылат. Керек болсо,  Кремль жакка карап коюп.

Бакыт Аман
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх