Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#автордукракурс. Курсан Асановду ким сатты?

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун күтүсүздөн кызматтан алынышы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча атайын операцияга караганда кичи шок болуп калды

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун кызматынан четтетилиши, коомчулук үчүн бийлик курамында бардыгы эле жайында эмес экендигин тастыктап койду окшойт. Жок эле дегенде, логика боюнча. Прокуратуранын негиздемеси көп сөздүү болду, бирок, башкы айыптоо – саткынчылык. Генералды буйрукту аткарбады дегендей айтып жатышат, министрдин башынан аттап, Атамбаев менен сүйлөшүүгө, кол алдындагыларды башкаруусуз калтырып барды дегендей. Бардыгы биригип, жыйынтыгында, Жунушалиев асановду орлуна коюп коюуну чечти. 

Эми, так ушул жерден суроолор жаралат. Анын үстүнө, эчтекеге карабай, адам кызмат кылганбы, же жокпу, ал милициянын иерархиясында түшүнөбү же такыр түшүнүгү жокпу, ким башкарат. Жөнөкөй эле суроолор, бирок, жоопту алуу өтө эле кыйын. 

Атайын операцияны ким башкарган? 

Бардыгынын эсинде, Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча биринчи атайын операция эмне менен бүттү эле. Атайын кызматтардын уят болушу жана атайын кызматтын жоокерлеринин барымтага түшкөнү менен.  Ойлонсок, коңшу өлкөлөрдөгү алардын кесиптештери, элиталуу атайын бөлүктүн кайсы бир жоокери жөнөкөй жарандардын колуна түшүп калганы тууралу билишип, дипломаттык түрдө унчукпай коюшканын. Бирок, азыр бул тууралу эмес. Эгер биринчи күндөгү штурмда атайын операцияны Курсан Асанов башкарган болсо, анда, эмнеге экинчи күнү ага башкарууга уруксат беришти? Билип турушпадыбы, эгер экинчи күнү да операция ишке ашпай кала турган болсо, эмне болот эле. Эгер кармай турган күнү атайын операцияны ички иштер министри Кашкар Жунушалиев башкарган болсо, анда эмне үчүн, сүйлөшүү мезгилинде ал Асановдун жанында болгон эмес?  

Минтип ойлонуп көрөлү, мурдагы президентти өзүм жеке камакка аламын деген чечим, министрдин орун басарын башына келди. Бирок! Курсан Асанов жетишерлик, логикалык жактан да, аргументтер менен да Алмазбек Атамбаевди куралын ташташы үчүн ишендирип жатканын бардыгы интернеттеги видео аркылуу көрүштү. Ачык акылы жана толук ынанымдуулугу менен. Андан калса, Курсан Асанов тажрыйбалуу милиционер. Кандай гана шашылма мүнөзү болбосун, тартипти сактабай, ал генерал наамына жетишмек эмес. Эми суроо туулат, генерал саткынчы болду дешкени кайсы негизден улам болду, жооп болсо, асманда асылып турат.

Асановдун коом астында камчы менен сабалышы 

Мени аябай таң калтырганы, бул Курсан Асановдун кызматтан ушунчалык тездик менен алынып, ошондой эле тез ылдамдыкта прокуратура генералдын эмнеге айыпталып жаткандыгын ашкерелеген ылдамдык болду. Менин сөздөрүмө ишенип коюуңуздар, мен Асановду актайын деген эч кызыкчылыгым жок, бирок, ошол эле учурда, анын жогорку даражалуу милиционер болгондугун унутуу эч мүмкүн эмес.  Азыркы иштеп жаткан милициядагы чиндүүлөрдүн арасында, Асанов генералдык погонго жеткичекти жасаган кызматты аз эле сандагылары жасаса керек. Эгер 2010-жылдагы Ош окуяларын эле эстесек, ал Оштун коменданты катары ал жерде тартипти сактап, аны абал турукташканча, айлар ичинде кармап турганын ким билбейт.   

Кой-Ташта Курсан Асановду көргөнүмдө, жеке мен эч таң калганым жок. Керек болсо, «Альфанын» атайын опреациясына караганда, бардыгы логикага ылайыктуудай крундү. Ал аз келгенсип, мурдагы президент анын жеке өзүнө колго түшуп берди, жана, мүмкүн, аталган факт кимдир бирөөлөргө суткалар бою тынчтык бербей жаткандыр. Асановду кызматтан алган суткалардан кийин. Ошондо да, муну генералды максималдуу түрдө шермендесин чыгарууга аракеттенүү менен жасашты.
Асанов болбосо, анда ким? 

Эгерде Асановдун ордунда, мүмкүн, Кутманов же Табалдиев болсо, суроолор ушундай эле көп болмок. Кой-Таштагы бчаң-тополоңду токтоткон  факты боюнча адам турат, ал нерсе каалаган убакта андан ары кан төгүүгө алып бармак. Ал кандай фамилияда болбосун, кандай гана наамда болбосун, анын жасаган эмгеги, эрдиги көрүнуп турат. Эми ушундай болуп калды, ушул чечүүчү фигура кимдир-бирөөнүн башкы ачуусун келтирип алгандай. Ушунчалык жогорку даражадагы ачуулангандарды, керек болсо, Курсан Асановду кызматтан ыргытышты. Бирок, жоопкерчиликтен эмес, себеби, кылмыш ишин козгошту, анысы эмне менен бүтөт, азырынча белгисиз. Андан да, куугунтукка алынган генерал,  Кой-Таш жолунда кимдин куйругун басып алганын айтат бекен. 

Бакыт Аман
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх