«Тукумсуздук-өкүм эмес!»
Белгилүү хирург Vesti.kg порталына маек куруп, тукумсуздук дарты жана аны дарылоонун заманбап ыкмалары тууралуу айтып берди
Акыркы мезгилде баланын жытына зар болгон аялзаты көп кездешчү болду. Балалуу болуу үчүн жылдап дарыланган үй-бүлөлөр бар. Бирок баардык учурда эле жыйынтык оңунан чыга бербейт. Медицина тармагы бир орунда турбай, өнүгүп жаткан мезгилде «тукумсуздук» бул айыкпай турган оору деп айтканга болбойт.
Белгилүү дарыгер, КММАнын медициналык борборунун эндовидеохирург-дарыгери Нургазы Жанузаков аялзатынын тукумсуздугун дарылоонун заманбап ыкмалары тууралуу айтып берди.
КММАнын медициналык борбору тукумсуздукту дарылоо боюнча уникалдуу операция жасап жатканы айтылууда. Ушул тажрыйба тууралуу айтып берсеңиз?
Биздин клиникада лапараскопиялык операция жасалууда. Бул хирургиянын жаңы ыкмасы. Башкача айтканда дарыгер бейтаптын денесин кичине эле кесип туруп, ал жерге видеокамера жана жабдыктарды сойлотот. Ушул ыкманын жардамы менен денени чоң кылып кесүү зарылчылыгы жоголду. Лапароскопанын жакшы жери бейтаптын операция болгон жери тез айыгат. Операциядан кийин бат эле өзүнө келет. Ошондой эле бейтаптын тигилген жеринде тырык калбай, таптакыр изи жок бүтөт.
Көбүнчө бейтаптар сиздерге кандай оорулар менен кайрылат?
Биз баардык гинекологиялык ооруларды дарылайбыз. Бирок бул тажрыйба тукумсуздук дартына жакшы таасир берет. Жөнөкөй операциядан кийин же ооруксунганда, жабышуу процесси жүрүп, жатындын түтүктөрү бүтөлүп калуусу мүмкүн.
Операциядан кийин аялдардын боюна бүтүү мүмкүнчүлүгү канчалык?
Эгер операция ийгиликтүү болсо боюна бүтүү мүмкүнчүлүгү 30 пайызга жогорулайт. Жатындын түтүктөрү ооруган аялдар үчүн бул өтө чоң көрсөткүч. Ошол эле экстракорпоралдык жол менен бойго бүтүрүү деле 30 пайыздан ашык мүмкүнчүлүк бере албайт.
Биз операциядан кийин канча аял бала төрөгөндүгүн эсептеп турабыз. Бизден дарылангандардын дээрлик баардыгы балалуу болгондугун сүйүнчүлөштү. Мен ар бири үчүн кубанычтамын.
Бизде бир кызыктуу окуя болду. Төрөй албай жаткандыгын айтып кайрылган аялды текшерсек, жатынында тосмо бар экен. Биз гистерорезектоскопа жүргузүп ал тосмону буздук. Гистерорезектоскопа биздин өлкөдө эки эле жерде болсо, бирөө биздин медициналык борборубузда. Мурда мындай операцияларды жасаш үчүн жатын кесилчү. Жарым жылдан кийин операция болгон жер айыгып, бир жылдан кийин гана боюна бүтчү. Биздин бейтап бир нече айдан кийин эле боюна бүткөнүн, болгондо дагы эгиз экендигин сүйүнчүлөдү.
Мындай операция канча убакытта жасалып бүтөт?
Негизи операция бир сааттан үч саатка чейин созулат. Кээде операциялык столдун жанында беш саат бою турган учурларым болот. Бул аябай назик жумуш. Кээде жабышуу процессине ичегилер жана чоң магистралдык тамырлар дагы аралашып кетет. Бут кадимки эле микрохирургиялык операция. Лапароскопкалык операция жүргүзгөндө ички органдардын баардыгы чоң болуп көрүнөт. Бул ачып алып караганга салыштырмалуу ыңгайлуу.
Нургазы Тимурович, мындай ооруларды алдына алуу мүмкүнбү?
Албетте мүмкүн. Көпчүлүк учурда суука урунуу тукумсуздука алып келет. Ошондуктан аялзаты жылдын суук мезгилинде ден-соолугун жакшы кам көрүш керек. Мен жаш кыздардын кышында жеңил кийинип жүргөндөрүн көп көрөм. Кийин маселе жаралганда бизге кайрылышат. Бекеринен апалар жылуу кийингиле деп айтпайт да.
Ошондой эле башаламан жыныстык катнаш дагы терс таасир берет. Ар түрдүү инфекциялар тукумсуздука себеп болушу мүмкүн.
Эң негизгиси: дарыгерге барып көрүнүп туруш керек. Чынын айтсам он жылдык иш тажрыйбамда үч эле аял профилактикалык көрүнүүгө келип турганын көрдүм. Калгандары качан гана ооруп баштаганда кайрылышат.
Эгер аял ооруну сезе баштаса, мүнөздүү эмес суюктуктар бөлүнүп чыга баштаса же айыздын келүү мөөнөтү бузулса, жакшы болуп кетет деп күтпөй эле дароо дарыгерге кайрылышы керек. Өз учурунда медициналык жардам алса, өтүшүп кетүүдөн сактанат.
Вероника Малышева
Фото www