Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кантип камсыз кылса болот?

Бүгүн Бишкекте социалдык жактан маанилүү сыркоолорду дарылоо үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча талкуу жүрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиевдин айтымында кабыл алынган жаңы мыйзамдын тегерегиндеги жаңжалдар азыр да токтой элек. “Дары-дармектерди жүгүртүү жөнүндөгү” иштеп жаткан мыйзамда дары-дармек каражаттары жөнүндөгү жобо кабыл алынып, жаңы нормативдик укуктук актылар иштеп жатат. Бул иш-аракеттерге карабай дары-дармектерге болгон баалар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат бойдон калууда.

Кыргызстанда сатылып жаткан айрым дары-дармектер монополиялык абалды ээлеп, алардын жогору баада сатылышын шарттап жатат. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам өлкөнүн дарыларды сатып алуудагы мүмкүнчүлүктөрүн сактап калууда.Андыктан бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сүзсүз киргизүү керек деп эсептешет адистер. Сорос-Кыргызстан фондусунун саламаттыкты сактоо боюнча программалардын координатору Илим Садыков мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн эки гана жолу бар экендигин айтты.

“Дары-дармектерди жүгүртүү жөнүндөгү” мыйзамга айрым өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Өкмөт тараптан каршы пикирлер айтылганын адистер белгиледи.Жаңы сунуштарга өз каршылгын каржы министрлиги билдиргени айтылат. Дары-дармектер маселеси боюнча бүгүнкү чоң талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары,Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү адистери жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин өкүлдөрү чакырылган. Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышкан тараптар мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча өз ой-пикирлери менен кошо ал жаңы сунуштарды колдоорун билдиришти.

Акылай Рахматулла
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх