Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бактыгүл Исмаилова: «Кыш айларында сасык тумоо ооруулары күч ала турганын дарыгерлерден сырткары жарандар да билип, даярданышы керек»

Бишкекте коомдук саламаттык сактоо кызматтарын кайра түзүү боюнча чоң жолугушуу өтүп жатат

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2017-жылы коомдук саламаттык сактоо кызматынын аткарган иштерине баа берген. Натыйжада, негизги көңүлдү лабораториялардын ишине буруу керек деген жыйынтыкка келишкен.

Анткени, дарыгерлер ооруп келген сыркоолууну карап айыктырса, коомдук саламаттык сактоо кызматы оорууларды алдын алуу ишин жүргүзүш керек.
Жолугушууда маселени чечүү үчүн бир нече моделдер сунушталып, талкууга алынды.

Өлкө жарандары ичкен суу,аба,пайдаланган тамак-аш,жер-жемиш жана азык-түлүк лабораториядан өткөрүлүп текшерилет. Анын жыйынтыгы менен кайсы мезгилде кандай ооруулар күч ала турганы аныкталат. Бул багытта лабораториялардын санын кыскартып, негизги каражаттарды ал текшерүү жайлардагы техникалык базаны чыңдоого жана жетишпеген кадрларды толуктоого жумшоо сунушу айтылды.

Мамлекеттин жалпы бюджетинин 13% саламаттык сактоо министрлигине бөлүнөт. Ошол 13%ин 5% гана коомдун саламаттыгын сактоону алдын алууга жумшалат.
Ооруукана-бейтапканалардагы кызмат көрсөтүүнүн 62% бекер. Калганын жарандар өз чөнтөгүнөн төлөшөт.

«Коомдук саламаттык сактоо лабораториялык, санитардык жана эпидемиологиялык жактан көзөмөл жүргүзөт. Бишкектин үстүндөгү көк түтүндүн жарандардын ден-соолугуна тийгизген таасири изилденет» -дейт министрликтин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова.

Анын айтымында буга чейинки кабыл алынган Манас, Манас таалими жана ден-соолук программалары ишке ашырылып, ийгиликтүү аяктаган. Өлкө боюнча 1700 айылдык ден-соолук комитеттери иштеп жатат. Кыргызстанда жугуштуу жана ичеги оорууларынын 33 түрү катталды дейт Бактыгүл Исмаилова. Октябрь айынан февралга чейин күч алчу сасык тумоо оорууларын алдын алууда калктын аялуу катмарына вакцина бекер сайылат. Бейтапкана менен оорууканалардагы узун кезек күтүүлөрдү жою максатында дарыгерлерди күнү-түнү иштетүү аракеттери каралып жатат.24 саат бою тынымсыз иштеген дарыгерлерге кошумча акы төлөө боюнча Бишкек мэриясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүү керек деген сунуш айтылууда.

Бейтапкана жана оорууканалардагы узун кезекти жою максатында жарандык коомчулук мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барыш керек дейт Бактыгүл Исмаилова.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх