Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шавкат Мирзиёев Ташкентте жаңы курулуштарга убактылуу мораторий киргизди

Чектөөлөр бийлик Өзбекстандын баш калаасынын башкы планын бекитмейинче күчүндө болмокчу

Өзбекстандын президенти Ташкентте жаңы курулуштарга убактылуу мораторий киргизгенин коңшу мамлекеттин башчысынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен Fergana News жазып чыкты . Мекеменин маалыматына караганда, чектөөлөр бийлик Өзбекстандын баш калаасынын башкы планын бекитмейинче күчүндө болот.

Шавкат Мирзиёев курулушка уруксат берүүдө учурдагы инфраструктурага жүктөлгөн жүк так эсептелбей, жашыл аймактар ​​курулуш иштери менен катар уюштурулбаганын сынга алды. Ушул жана башка кемчиликтери үчүн январдын ортосунда Өзбекстандын лидери Ташкенттин мэри Жахонгир Артыходжаевди кызматтан алган.

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх