Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркия менен Сирияда өткөн жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 20 миңден ашты

Миңдеген имараттар урандыга айланды

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө болгон катуу жер титирөөдөн мерт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашканын Би-Би-Си билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча жабыркагандардын саны 60 миңден ашык. Миңдеген имараттар урандыга айланып, он миңдеген үй-бүлөлөр үй-жайсыз калган.
Куткаруу операциясы уланып жатканы менен урандылардын астынан аман калгандарды табууга үмүт улам азайып бара жатканы маалым.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-февралда кечинде өлкөдө каза болгондордун саны 17 134 кишиге жеткенин, Сирияда кеминде 3 162 адам каза болгонун билдирди. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө дүйнөнүн төрт бурчунан мамлекеттер жардам берип жатышат.
Кечээ Кыргызстандан Түркияга 100 куткаруучудан турган экинчи атайын топ керектүү жабдыктары жана эки үйрөтүлгөн иттери менен жөнөтүлөрү белгилүү болду. Гуманитардык жардам медициналык буюмдар, кийим-кече жана эң керектүү буюмдар түрүндө берилет.

Мындан тышкары кыргыз тарап 100 боз үй, 20га жакын аскерий жылууланган чатырларды жана атайын учак менен чатырлык мобилдүү оорукананы жөнөтөт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх