Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркия менен Сириядагы жер титирөө. Набыт болгондордун 30 миңге жакындады

147 934 адам башка облустарга эвакуацияланды

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө болгон катуу жер титирөөнүн курмандыктарынын жалпы саны 30 миңге жакындап калганын TRT Haber телеканалы Түркиянын Ички иштер министрлигинин Кырсыктарды жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгына (AFAD) таянуу менен билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, учурда Кахраманмараштагы 7,7 баллдык жер титирөөдөн кийин жалпысынан 2412 жер титирөө катталган.

Жер титирөө болгон аймакта жүргүзүлүп жаткан иштерге 233 миң 320 адам жана 12 миң 322 техника жана курулуш техникасы тартылган.

SACOM агенттигинин маалыматына ылайык, 12-февралда саат 15:55ке карата 29 605 адам каза болуп, жер титирөө болгон аймактагы 147 934 адам башка облустарга эвакуацияланган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх