Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркия менен Сириядагы жер титирөө. Набыт болгондордун саны 40 миңден ашты

Февраль апааты Түркиянын заманбап тарыхындагы эң ири кырсык болду

Түркия менен Сириянын түндүгүндөгү катуу жер титирөөдөн жабыркагандардын жалпы саны 40 миңден ашканын Би-Би-Си билдирди.

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 миңден ашканын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Бул 1939-жылдагы жер титирөөдө каза болгондордун санынан көп болгондуктан, Түркиянын заманбап тарыхындагы эң ири кырсыкка айлантты.

Сирияда каза болгондордун жалпы саны 5800гө жетти.

ЮНИСЕФтин өкүлү Жеймс Элдер журналисттерге: "Түркияда эки жер титирөөдөн жабыркаган 10 провинцияда жашаган балдардын жалпы саны 4,6 миллионду түздү. Сирияда 2,5 миллион бала жабыркады", - деди.

Түрк маалымат каражаттары куткаруучулар урандылардын астынан аман калгандарды табууга үмүттөнүп жатканын жазышууда.
Түркиянын президенти Эрдоган шейшембиде билдиргендей, куткаруу иштерине жалпысынан 249 миң адам катышууда.

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх