Түркияда орусиялык куткаруучулар 150 миң доллар таап алышты
Акча инвентаризациялоо үчүн аймактык милицияга өткөрүлүп берилди
Орусиялык куткаруучулар Түркияда урандылардын арасынан 150 миң доллар таап алышты. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөдөн кийин урандыларды тазалап жатып, орус куткаруучулары 100 долларлык купюралар салынган идиш табышкан. Идиштин ичинде жалпы саны 150 миң доллар акча болгон.
Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы 8 тилкеде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдиргендей, куткаруучулар 9 күн ичинде урандылардын астында калган 5 адамды аман алып чыгып, 158 жарандын сөөгүн табышты.
Түркиядагы табигый кырсыктан курман болгондордун саны 41 миңден ашты.
фото www
Окшош макалалар
- УКМК: Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды
- УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча
- Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды
- Мыйзамсыз акча алмаштырган 4 кыргызстандыкка айып салынды
- Кыргызстанда 2023-жылы “Балага сүйүнчүнү” төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган