Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда кайрадан жер титиреди

Каза болгондор бар

Түркияда кечээ, 20-февралда кечинде кайрадан жер титирөөлөр (күчү 6,4 жана 5,8 баллга жеткен) катталды. Түркиянын « Анадолу» жалпыга маалымдоо каражаты билдиргендей жер титирөөнүн очогу Түркия-Сирия чек арасынан анча алыс эмес Хатай провинциясында болгон.

Жер титирөөлөр коңшу провинцияларда жана Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина, Израиль, Ливан мамлекеттеринде сезилди.

Кырсыктан 3 адам каза болуп, 300гө жакыны жаракат алган, алардын 18инин абалы оор.

Белгилей кетсек, сейсмологдор 6-февралда биринчи катталган Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн кийин бир ай ичинде кайрадан кайталанышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх