Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды.

Учурда өрттүн себептери такталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн үй толугу менен күйгөн. Өрт жанаша жайгашкан коңшусунун гаражына өтүп, жыгач устундуу шифер менен жабылган 70 чарчы метр чатыры жана жанында жыйналган жыгач устундар күйгөн. Гараждын ичинде 2 газ балон жарылган.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Шарк айылында жалпы аянты 92 чарчы метр болгон турак үй толук күйгөн жана жанаша жайгашкан турак үйдүн 48 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры жана жалпы аянты 20 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайы толук күйгөн.

Белгилей кетсек, учурда өрттүн себептери такталууда.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх