Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиядагы акыркы жер титирөөдө жабыркагандардын саны 562ге жетти

Алты адам каза болду

Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазып чыкты.

Алты адам каза болду. Жабыркагандардын 18инин абалы өтө оор деп бааланууда.

Эскерте кетсек, 20-февралда Хатай провинциясында жер силкинүү болгон. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 42 миң 310 адам көз жумуп, 110 миң киши жабыркады.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх